Кендерди иштетүүчүлөрдүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Айыл чарба министрлиги боюнча кайрылууларына Өкмөт дагы, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети да ушул кезге чейин көӊүл бурбай келет. Эмне, бул алардын ишкерлерге карата кайдыгерлигиби же дагы кандай мамиле десек болот? Бул тууралуу депутат Улан Примов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
«Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы бир айдан бери өзүнүн эки орун басарын дайындай элек, а жумуш жылбай турат. Ал эми лицензия алуунун кезегинде 400 ишкер менен инвестор бар. Алар тезинен лицензия алып, өз ишин баштай албай жатышат. Бул маселе качан чечилет? Азырынча анын жообу жок», – деди депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ