Menu

Атамбаевге жасалган атака эмне менен аяктайт?

Бөлүшүү:

Жакында эле мунапыс боюнча эркиндикке чыккан оппозициялык саясатчылар Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди соттук доолорго бастырып салгылары келишет. Алардын негизги максаты – Кыргызстандын мурдагы жетекчисин 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катыштырбоо.

Жаздын келиши менен Кыргызстанда адатта саясый турмуш активдешет. Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышмакчы экенин билдирген болчу. 6-апрелде өзү лидер болгон КСДПнын курултайы өтөрүн жар салган. Бирок, мурдагы өлкө жетекчисин кайра тирилтүү азыркы бийликтердин планында жок. Анан калса, КСДПнын ичиндеги бөлүнүп-жарылуудан кийин Атамбаевдин шансы анчалык көп эмес.

«Ички бөлүнүп-жарылуудан кийин партиядагылардын көбү бийлик менен кызматташкан Иса Өмүркулов тарапка өтө качышты. Өзүнүн курултайын ал 3-апрелде өткөрөт. Милдет – Атамбаевди КСДПдан оолактанып, партияны 2020-жылдагы шайлоого даярдоо» деп билдирди кыргыз саясый серепчиси Марс Сариев экс-президенттин саясатка кайтып келүү мүмкүнчүлүгү тууралуу ой жүгүртүп. Анүстүнө бийлик Атамбаевди «нейтралдаштыруу» боюнча иштерди башташты. Алар 2016-жылы түзүлгөн «Элдик парламент» кыймылынын саясатчыларын колдонуп жатышат. Алар учурунда Атамбаевдин отставкага кетишин талап кьшышкан. 2016-жьшы 15-майда оппозиционерлер нааразылык акциясын өткөрмөкчү болушкан, бирок, кыймылдын лидерлери «бийликти күч менен кулатууга аракет жасады, чет элдик аскер кишилери менен кызматташты (кеп аларга консультациялык кызмат көрсөттү делген Россиянын жогорку даражалуу аскер кызматкерлери тууралуу болуп жатат) » деген айып менен камакка алынган. «Элдик парламенттин» төрт лидери көп жыл мөөнөткө эркинен ажыратылган. Бүгүн болсо алар эркиндикке чыгып, кайрадан Атамбаевге каршы күрөштү башташты.

Экс-президентке ал бийликте турган жылдары, андан ыдык көргөн саясатчылардын дагы бир тобу каршы чыгууда. Алардын арасында мурдагы губернаторлор, депутаттар, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, атүгүл Кыргызстандын мурдагы мамкатчысы да бар. 7-мартта эркиндикке чыккан мурдагы вице-премьер-министр Бекболот Талгарбеков жалган ушак таратканы үчүн Атамбаевди сотко берерин билдирди. «Ал калп айтканы, менин аброюма шек келтиргени үчүн жооп берүүгө тийиш. Ал мени «чет элдик аскер кызматкерлери менен кызматташкан» деп айыптап, бирок, ал айыбын далилдей алган жок» деди Талгарбеков журналисттерге. Мунапыс алган саясатчылардын басымдуу бөлүгү да экс-президенттен моралдык чыгымы үчүн компенсация талап кылышмакчы.

Бирок, Марс Сариев чечкиндүү билдирүүлөрдү жасашкандарына карабастан, иштери кайра каралмайынча алардын баарынын арекети чектелүү болорун билдирүүдө. «Мунапыс 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген жаңы кылмыш-процессуалдык кодексинин негизинде жүргүзүлдү. Алар соттолгон беренелер алына элек, демек, алар шайлоого катыша алышпайт. Бирок, алар саясый ландшафтка таасир эте алышат» деп эсептейт Марс Сариев.

Кыргыз саясатчысы Равшан Жээнбеков «мунапыс алгандар экс-президентке каршы иштеши мүмкүн. Алар өз алдынча Атамбаевге эч кандай коркунуч келтирбейт, себеби, каржылык да, медиалык да ресурстары жок. Медиалык ресурстар президент Жээнбековдо жана анын оппоненти экс-президент Атамбаевде гана бар. Мунапыс алган саясатчылар Атамбаевге азыркы президенттин ачык айтылбаган макулдугу менен гана каршы тура алышат. Эгер акталчу болсо, алар өз алдынча линияны деле жүргүзүүлөрү ыктымал» дейт.

Равшан Жээнбеков «болочоктогу саясый таасирдин «борбору» болуп калыш үчүн Атамбаевде жетишерлик каржылык жана медиалык, адамдык ресурстар бар» деп эсептейт. Анын айтымында, Атамбаев эчак шайлоого даярдыкты баштап, Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү ар түрдүү саясатчылар менен жолугушуп жатат. Жергиликтүү ЖМКларда ал бийлик жүргүзгөн жылдарда кетирилген кемчиликтерди жымсалдоо боюнча кампания жүрүүдө. Жээнбековдун пикири боюнча, өзүнүн шайлоо кампаниясына олуттуу инвестиция жасаса, ал саясатка кайтып келиши деле мүмкүн.

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: