Menu

Рита Карасартова, укук коргоочу: “Аялдардын укугу үчүн Равшан, Эдил жана мен провокацияга кабылдык”

Бөлүшүү:

– Рита айым, 8-марттагы жүрүштөн соң опузалоолорго кабылганыңызды айтып чыктыңыз. Бул жүрүшкө кайдан жүрүп катышып калдыңыз?

– Негизи бул күч органдары тарабынан жасалган чоң провокация болду. Кандайча мындай болуп кеткенине эки-үч күндөн бери жакшы түшүнө албай жаткам. Мындай жөө жүрүштөр Эркиндик бульварында болуп, тынч эле тарап кетчү. Ашып кетсе 20-50 киши катышчу. Бул жолу «аянттан басабыз» деп, «уруксат бербейбиз» деп, кайра берип коюп, «Кырк-Чоро» уюму «сабайбыз» деп, кайра сабабай калып, айтор, чуу болду. Эң кызыгы, ал жакта үй-бүлөлөрү менен ишкерлер болду, саясатчылар болду. Кийин карап көрсөк, эч ким жок. Равшандын, Эдилдин менин сүрөтүмдү жайнатып алып чыгышты. Анткени биз эл оозуна алынып калганбыз. Биздин «аялдарга 30%дык квота, аялзатын запкыга албаш керек деген сөздөрүбүздү эч ким угузган жок. Муну атайын жасалган провокация катары билем. Анткени жакынкы аралыкта Бакиевдердин акчасы кайтарылып ж.б. нерселер болбодубу? Мен бул окуядан кийин ойлоно баштадым. Бизде ФСБнын кураторлору отурат. Биз эгемендүү, эркин эмеспиз. Дайыма алар бийлеп турат. Америка минтип бюджетке акча толтуруп жатат. Жакында В.Путин келет, «эмнени карап отурасыңар?» дегенде алар ушул «кара иштерди» ойлоп табышты.

Менде жаман нерсе оюмда жок, кыргызча кийинип алып, «Кырк-Чоронун» балдары чыкса, «ай балдар, койгула» деп айтууга даярданып баргам. Атайын элдин көп чыгуусуна жол табышкан. «Ушул өкмөттүк эмес уюмдардьш артынан канча киши жүрөт» деп бизди «гей» кылып салышты. «Батыш жаман, Америка жаман, мына Американын өкүлдөрү!» деп көргөзүштү. Эртең Путин келгенде «Батыш биздин нарк-насилибизге доо кетирди» дегендей көрсөтүп, бир ок менен эки коён атып, саясат жүргүзүп, «РусГидрого» болгон 37 миң доллар карыздын айласын издеп жатышат. «Темир жол» деп жыландын башын чыгарып жатышат. Же темир жолду беришеби, же энергиялык объектилерди беришеби, айтор, артында чоң саясат турат. Аңдай чоң өлкөлөргө «аялыңды бер» десе деле биздикилер кармата салууга даяр. Ушунчалык баш ийип турушат. Дагы айта турган сөздөр көп…

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: