Menu

Тажикстандын аймактарында электр жарыгы өчүрүлүүдө

Бөлүшүү:

Акыркы эки жумадан бери Тажикстандын көпчүлүк аймактарында күндүз жана кечкисин электр жарыгы бир нече саатка өчүрүлүүдө.

Рудаки районунун тургуну Икромжон Жураев аларда электр жарыгы он күндөн бери өчүрүлүп жатканын билдирди. «Жарык эртең менен 6:00дөн 8:30га чейин, андан кийин 17:00дөн 00:00гө чейин берилип жатат. Ал ортодо айылдагы трансформатор бузулуп, азыр оңдоп жатабыз» — деди ал.

Жураевдин айтымында, бул абал боюнча «Барки точик» ишканасы эч кандай түшүндүрмө берген жок. Өлкөнүн башка аймактарынын тургундары дагы электр энергиясынын эмне себептен өчүрүлүп жатканы түшүнүксүз болуп жатканын билдиришүүдө.

Айрым тургундар бийлик Рогун ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүүгө даярданып, мындан улам суу сактагычка суу топтоо иштери жүрүп жатканын айтышууда.

Ал ортодо «Барки точик» ишканасы бул убактылуу чара экенин белгилеп, бирок электр жарыгынын өчүрүлүшү Рогун ГЭСине суу топтоого байлантуу эмес экенин билдирди. Мекеме өкүлдөрү Нооруз майрамына чейин өлкөнүн бардык аймагына электр жарыгы толук бериле баштай турганын айтышты.

Былтыр ноябрда Тажикстанда Рогун ГЭСинин биринчи агрегаты ишке киргизилген. 2018-жылы өлкөдө 19 миллиард килоВатт саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Бул ага чейинки жылдарга салыштырмалуу 1 миллиард килоВатт саатка көп. Ошол эле маалда былтыр 2 миллиард килоВатт саат электр энергиясы Өзбекстанга, Ооганстанга жана Кыргызстанга экспорттолгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: