Menu

Балбак Түлөбаев, Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси: “Биз митинг учурунда кандай ураандар чыкырылып, эмне сөздөр айтыларын билбейбиз да”

Бөлүшүү:

– Балбак мырза, 8-мартта өткөн акция боюнча кандай түшүндүрмө бересиз?

– Бизге ар кандай киши катты алып келип тапшырып коюп, акцияларын өткөрө берет. Анын кандай өтөрүнө биздин эч тиешебиз жок. Андан аркысын «карагыла, коопсуздугун камсыз кылгыла» деп укук коргоо органдарына берип коёбуз.

– Сиздерге кат жазганда максаттарын түшүндүрөбү?

– Ооба. Бирок, 8-марттагы акция боюнча катта антип айтылган эмес да. Менде кагазы турат. Мына сизге окуп берейин: «Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы» деп турат. Эгер ал жерде образдуу айтканда, «биз террористтик уюмбуз, бүлдүргүч иштерди жасаганга оюбуз бар» деп жазышса, анда биз укук коргоо органдарына айтат элек да. Болду, биздики ушул эле.

– Деги катты ким берген? Уюштуруучулары кимдер экен?

– «Бишкек феминисттик демилгеси» аттуу уюм.

– Демек, ар кандай уюмдар «кимдир бирөөнүн укугун коргойбуз» деген шылтоо менен өз иштерин жүргүзө берсе болот экен да?

– Анүчүн митингдер боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл. Ал жерде жергиликтүү бийлик эмне кылары, укук коргоо органдары эмне менен кандай алектенери жана уюштуруучулар эмне кылыш керек экени так жазылып турат. Бизде да Түркиядагыдай кылып ураандарды алдын ала каттоодон өткөрүү зарыл. Алар эгер ичине чагымчыл күчтөр кирип кетсе жооптуу болушу шарт. Азыр болсо биз кандай ураандар чыкырылып, эмне сөздөр айтыларын билбейбиз да. Тоскоол боло албайбыз. Жергиликтүү бийлик алар кеткенден кийин митинг өткөн аймактын таштандыларын тазалайбыз, болду. Укук коргоо органдары алардын коопсуздугун сактайт.

– Бүгүн «Кырк чоро» уюму да акция өткөрүп жаткан турбайбы?

– Ооба. Жана жогоруда айтпадымбы, бизге кат жазып коюп эле ким каалаган жеринде өткөрө берет. Эң башкысы, коомдук тартип бузулбашы, жолдор жабылбашы шарт, мамлекеттин бүтүндүгүнө, элдин ынтымагына, кайсы бир улутка каршы чакырыктар айтылбашы керек.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: