Menu

“Көгүш демократиянын” жеңиши

Бөлүшүү:

Кыргызстандын борборунда болгондо да Бишкекте аялдардын эл аралык майрамында кызыктай “марш” өттү. Өткөндө да катуу шаан-шөкөт менен коштолду. Теребелди ар кандай коркунучтан сактоого баягыл эле милисалар тартылды. Ошентип “көгүш демократиянын” маршы феминисттердин башында тургандардын тилегине жеткирди. Арийне, мынчалык деңгээлде өткөрүүгө аракет болгон соң баары ойдогудай болушуна шарт түзүлүш керек эле. Анысынан да өөн табылган жок. Алдын ала көз ымдашып сүйлөшүлгөн “операциянын” ийгиликтүү болушуна “салымын” кошкон үлкөндөрдүн акыйкатта эле мээнети” үзүрлүү” болду.

Бишкек мэриясынын оболу макул болбой койгонуна деги ким таасир берип, баштагы ойлорунан артка кайттырган деги кайсыл кереметтүү адам болду экен деген суроонун этегине эми кимди кыпчышат акыркы кылып? Бул да өзүнчө кычкылдуу берилген собол экени талашсыз. Негизи мэрдин мында жоопкерчилиги канчалык? Ириде ушул суроонун жообун табуу кажет. Кандай болгон күндө да ушундай талаштуу маселени кыймылга келтирүү үчүн мэрдин биринчи кезекте алысты баамдаган көрөгөчтүгү, сезимталдыгы, батылдык касиети болушу зарыл. Тилекке каршы Азиз Суракматов өзүнүн чарбалык иштерди гана аткарууга жөндөмү бар, мажирөө башчы экендигин куп тастыктап берип салды. Керек болсо “дирижерлукту” эч кимге бербөөсү кажет болчу. Шаардын жоопкерчилиги мойунда турган соң маселени жайгарууга жеке өзү чечкиндүүлүк кылышы зарыл болчу да. Демек, ушундай көрпенделигинин аркасында чоң кемчилик кетирди. Кетиргенде да таптакыр “актоого” мүмкүн болбогон жосунду жасады.

Дегеле ушул жүрүштүн “долбоору” кимге тийиштүү экенин аңдоого болобу деген суроонун жообун өткөн “марштан” билүүгө шарт түзүлдү десек толук жооп албай калабыз. Шамал болбосо кайдан камыш шуудурамак эле? 6-мартта Роза Отунбаева негедир бийликти катуу омуроологон болчу. “Кара түтүнгө” салыштырылган эркектердин ошондо бираз үрөйү уча түшкөн. Ким билет, балким батыштын саясатын жактырган бул апчебиздин, жан-жөкөрлөрүнүн көздөгөнү ушул болгондур? Борбордо феминисттердин “маршын” өткөрүп ийсек Сэм байкелерге жагымдуу иш кылган болобуз да, кийинки “сапарларыбызга” кеңири жол ачылат деген тилек менен бул жосундуу ишти пландаштыргандыр? Эми мунун майда-чүйдөсүнө чейин иликтөөчүлөр кантип ишти аягына чыгарары белгисиз. Анткени батыштан ортого ташталган жашылбайлардын көлөмү жеңил эместей. Ошондой ыргытылган “сөөктү” мүлжүгөндөр болсо дайыма табити ачылып турат. Жакшылап байкоого алсаң өткөндө Америкалыктардын өлкөгө кайтарып бердик деген 4,5 миллион долларынан кандай жыт уруп жатат? Аны сезүүгө өзгөчө жыт алгыч мурун керектелет. Көбү мындан кыпындай да илинчек табалбайт. Болгону Максимдин ала качкан каражатын кайтарып беришти да деген ойго кептелет. Маселе башкада жатканын кайдан билишмек эле?

Тигил Эдил байсалов, Рита Карасартова, Равшан Жээнбеков, Бүсайра Рыскулова, Өндүрүш Токтонасыровдор болсо мындай учурду колдон чыгарбай калсын. Аларга улуттук дөөлөттүн, баалуулуктардын, элдин көз карашынын таасири нөлгө тете. Баарын чогултуп алдына койсоң да булар сокур тыйынга теңешпейт. Баса, ал жүрүштө Отунбаеванын көздөй болгон жардамчысы, башка леп эткен желге жүз тосчулар да термеле басып катышышты. Ошондуктан калкка жат көрүнүштөрдү көтөрүп чыгышып, баарыбыздын көзүбүзгө тирсек чыгаруудан айбыгышпады. Орто Азиянын “флагманы” болгондор алгачкы жеңишин майрамдап жатып калышты. “Кырк чорочулар” да оозун булгап алган баладай болуп “көзүрлөргө” сынып беришти. Алардын бул кылыгына али жооптор алдыда турат. Негизи буга окшогон популисттик бирикмелердин, кыймылдардын кереги жок экендиги ачык билинди. Көзкөрүнөө тескерини оңго айландыргандарды кантип мекенчилерге теңөөгө болсун? Ар нерсени өз аты менен атоодон айбыгыштын кереги жок десек болот.

Айтор, азыркы бийликтин мурдуна көө сыйпап мыш кылган НПОчулар, батыштын арыгын чабууга жеңин түрүнгөндөр эл аралык майрамды өзгөчө шоуга айландырышып “көгүш демократиянын” туусун желбиретүүгө жетишишти. Анчалык быша элек, жетеленме бийликтин накта жүзү феминисттердин ийгиликтүү жоортулунан айкын көрүндү. Чамасы камактан чыккандарга камкордук көрүү менен башка маанилүү иштерди эстен чыгарып койгон бийликтин алешемдигине кандай баа берүүнү коомчулук өзү чечет деген ойдобуз. Бишкектин мэрине, башка тың чыкмаларга кандай сыпаттама берилерине коомчулук абай салып турушаары калетсиз. Ансыз да баш баккан жаз катаал болуп турганда элди чок бастыргандай абалга жетелей беришсе бул бийликтин келечеги жакшы болбой калат го…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: