Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалы чыккан Ак-Сай айылынан эл көчүп кете баштады. Бул тууралу ал аймакта жүргөн укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева Facebook срциалдык тармагындагы баракчасында сүрөттөрү менен кыскача пост жазып билдирди.
“Аксайдан элдер көчүп жатат! Бир киши жарадар болуптур.”
“Бир портер балдар, аялдар качып чыгышууда! Вице-премьер Жеңиш Раззаков сүйлөшө албады окшойт! Аксайдын эжелери вице-премьерге нааразы болушууда”- деп жазды Гүлгаакы Мамасалиева.
Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 13-мартта кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан, анда Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургуну жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Тажик тарап бир киши каза болуп, 20дан ашык адам жаракат алганын билдирүүдө.
Маалыматка караганда, мерт болгон адам Тажикстандын Исфара районунда мугалим болуп иштеген 43 жаштагы Хусейн Хакимов аттуу жаран. Анын кыргыз тараптан атылган октон каза болгону айтылууда. «Ок анын төшүнө тийген. Ал көп кан жоготкондуктан каза болду», — деп жазды «Эркин Европа» радиосунун тажик кызматы аты-жөнүн билдиргиси келбеген булагына таянып.
Маалыматка караганда, жаңжал Тажикстандын Тожикон айылынын жашоочулары чек араны демаркациялоо иштери аяктаганга чейин Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай — Тамдык унаа жолунун курулушун токтотууну талап кылгандан кийин башталган.
Булак: KyrgyzToday
Фотолор Гүлгаакы Мамасалиеваныкы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ