Menu

Камчыбек Ташиевди бийлик Баткенге губернатор кылып алып барса…

Бөлүшүү:

1999-жылдардын ортосунда сакалчандардын басып кирүүсүнөн улам түзүлгөн Баткен облусуна белдүү кадрды алып барууга бийлик неге кызыкпайт? Анчалык баркы жок, өзүнүн гана керт башынын кызыкчылыгына кам көргөн жетекчилердин чийкилигинен улам маселе көмүскөдө калып келатат. Ошондуктан чек араны жөнгө салалбай жатабыз. Убагында ушул облустта губернатор болгон Жеңиш Разаковду негедир жердештери анча баалабасын өткөн чек ара чатагында байкадык. Азыркы жетекчини да жээрип калышыптыр. Чамасы чактарды көрөгөч эл туура баалайт эмеспи. Айласы кеткенден улам жетимиштен ашып калган, мурдагыдай кудурети жок Мамат Айбалаевди губернаторлукка кудалап жиберип жатышпайбы, аттиң! Жакшылап издесе кыйын кадр табылаарында шек жок.

Чыр чыгарын угар замат мекенчил сапатка эгедер Камчыбек Ташиев азык-түлүгүн артынып алып, чуу чыккан аймакка жетип барганы жигиттик эмей эмне? Мындан өөн табууну көздөгөндөрдүн тилегин таш капсын ылайым! Кандай болгон күндө да кээде опурулуп ачыгын айтып салган Камчыкедей мырзалар учурда өлкөгө керек. —“Мен кызмат үчүн Жээнбековду колдогон эмесмин”-деп койсо эле ошону шылтоо кылып кызмат сунуштабай койгондун өзү натуура. Эмне үчүн жүрөгү элим деп соккон Ташиевге Баткен облусун берүүгө болбосун? Анын дарамети буга жетпейт дешке кошулууга болбойт, туурабы? Же сөзсүз эле президент болушу керекпи? Жок. Мекенин кадырлаган киши кайсы кызмат сунушталбасын барарына ишеним бар. Эгерде ошол аймактын маселесин оң тарапка чечип берип, көзгө толумдуу аракеттери аркылуу элдин колдоосуна ээ болсо демек накта азамат деген баага арзыйт. Калктын назарына алынган соң анан ажолукка жол кеңири ачылат. Көзү алыска болжонгон, көкүрөгүндө жалыны бар адам эч убакта кызмат тандабайт. Оболу элдин талабын аткарууга чечкиндүү болот. Ушул айтылган сөзүбүзгө не дейсиз Камчыбек мырза?

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: