Menu

Кыйын чыкмаларды ооздуктоого эрк керек

Бөлүшүү:

Албетте, баарынан мурда абийирди бекем сактоого умтулушубуз кажет. Анткени адал жашоо аркылуу абийир тапкандар арабызда ондоп саналат. Алардын турмушта карманган принциптери мекенге, элге ак кызмат кылуу экендиги абдан маанилүү. Эгерде мамлекеттин бийлик бутактарында акактай таза, чындыкка тике караган, ишке көзү жеткен, чечкиндүү, керт башына эмес калкына кызмат кылгысы келген инсан отурса анда эле бактыбыз тоодой болмок. Тилекке каршы тууганчыл, элдин эмес ылым санагандардын, кошомат кылгандардын ширин кебине алаксып калган бийлик башчылары келип калгандыктан шордон арылбай келатабыз. Буга чейинкилер деле, учурдагылар деле маңдай жарган жакшылыктарды жаратпай, тескерисинче “тузу кем тамагын” берүүдөн башкага жарабай турат. Туура сөздү айтпасак биздин эмне артыкчылыгыбыз бар мурдагылардан?

Аттиң, айрыкча эки жүздүүлүк биздин улуттук баалуулуктарыбызга кесирин тийгизүүдө. Ата-бабаларыбыздын айткан акыл-насааттарына кулак салбай, курсактын деңгээлинде ойлонуп иш кылып калганыбыз улам биздин карааныбызды, сапатыбызды кичирейтүүдө. Болгондо да элдин тагдырын чечүүгө келген депутаттар, өкмөттүн тың чыкмалары, ак үйдү байырлагандар жаман адаттарын карматып, жеп, ичмейдин “атаманы” катары таанылганына не дейбиз? И-ии азамат экен, өзүн абдан сыйлайт турбайбы-деп макташыбыз керекпи? Кара дубалды сөөмөйү менен чукуп туруп, бул акпы десе ооба деп баш ийкегендер арбып кеткендигинен улам мамлекетибиз өйдөлөбөй кургуйга чумкуп баратпайбы, катыгүн! Парламентте, өкмөттө, губернаторлук, министрлик креслодо отургандар ошентип күн карамалык аркылуу турмушун өткөрүп жатса анан кантип оңолуу жолуна түшмөк элек?

Бизнестин алчы, таасын миң эселеп бергендер, эпчилдик менен дүйнө-мүлктү сансыз чогултуп алгандар, каерден болсо да тешик тапкан кайбарлардын жоругуна алакан чаба берип колдор жооруду го? Дагы канчага чейин буларды кастарлап жүрө беребиз? Элдин ырыскысына колун эмес кекиртегин салып жиберген Раим дегендин “ашама” тобуна деги качан анык баа берилет? Эгерде өлкөнүн биринчи адамынан ишаарат болбосо Матраимовдор мурунку эле калыбында эч кимди көзүнө илбей каалгып басып жүрө берери шексиз. Эмне үчүн ал мага чейин эле көпөс болуп алыптыр да-деген шылтоону бетине карманат? Бул деген бүткүл мамлекетке таасир берүүчү нук экени белгилүү эмеспи? Ошондуктан Раимдин жүзүн аныктап берүүнүн убагы келди. Антпесек калктын таразасында турган маселеге кайдыгер караган эл башчынын аброюу ылдыйлай берет. Хандын сөзү адилеттүүлүктүн эталону болушу зарыл. Болбосо элдин ишеними өлөт. Баса, өлкөнүн казынасын толтурууга себепкер болгон бажыны Матраимовдун “көздөй болгон кадрларынан” ыкчамдык менен тазалоого мезгил келди. Дале болсо эски ыкмалардын негизинде “шыбага” толтуруу операциялары токтоло элек. Бажы тармагынын башчысы Алмаз Оңолбековдун дарегине айтылган сындардын баары чындыкка такалган десек болот. Бажыны “бажалардын” эмес элдин тармагына айлантпасак илгеркидей аксап жүрө беребиз. Көзгө сайып фактыларды алып чыкчу оперлердин жоктугунан бажыны “карышкырдай” болуп ырылдап талашкандар толуп кетти. Ошол кыраакы оперлерди да алар биротоло өздөрү тарапка имерип алганы калп эмес. Көздү кызарткан акчаны көргөндө кекиртегин ошол тарапка созгондор болорун неге танмак элек? Тамырлап кеткен коррупциянын “чыйканын” жарууга азыркы бийликтин чамасы жетеби, кеп ошондо. Себеби, капканга майлуу этти салып койуп, ушуну кантип колду чаптырбай алуунун жолун көрсөтөйүнбү деген шылуундардын жетегинде боуп калуу көз ачып жумгуча эле деп койсок аша чаап кеткен болбойбуз. Акаевдин учурундагы “кошелек” атка конгон М. Малабаевден ашып түшкөндөр жаралып, колго тийгендин баарын ашап жатканын коомчулук көрүп турат. Көрсө мурунку шайтандан кийинкилери өзгөчө “макамды” чапчып калат турбайбы…

Арийне, жегичтикти куп өздөштүргөн дагы бир эпчил азыр эч нерсе болбогондой Америкада жүрөт. Так ошол шылуун кимдин командасында эле? Икрамжан Илмиянов, Раим Матраимов, Аскарбек Шадиев үчөөнүн ынтымагына суктангандар болгон жок беле? Болгон, алардын алдында бөйпөңдөп жагалдангандар эми деле көкүрөгүн кайкайтып арабызда жүргөн кези. Ушул тапта да Раимге чаң жугузбай мактаган, актаган бизнесмендер, генералдар, чала коррупциоенер атка конгондор, керек болсо жазмакерлер бар. Ары жоктордун амалы акча жемей болгондуктан мындайлар көзүн ирмебей туруп мындан ары да эки жүздүүлүгүн уланта берет. Анткени миң койдун ичинде аксагы, көк мээси, сугалагы болуп келген, боло да берет. Кептин туурасын айтканда мезгил талабына бап келгендер менен катар тумшугу жалаң балит нерсеге малынгандар болору калетсиз. Таза коомду ширелтүүгө чамасы ушулар тоскоолдук кылып жатканы ачык баамдалган учуру. Арзымат сыяктуу комузун күүгө келтирип, чаламандын чак түшүндө кыргыл обонго салып, накта ичкич, жегичтерди мактагандардын “доору” келгенинен ичиң барча-бурча тилингени менен колуңдан бирдемке келбей турганы өкүндүрөт. Жогоруда сөз кылган качкын Аскарбек Шадиев күн алыс ынак достору менен акылдашып, кеңешип турганы жалган эмес. Баары бир ал кыргызстандагы окуяларга саресеп салууга мажбур. Анын деле кармалып келиши арсар, себебин түшүндүрүүнүн зарылчылыгы жок. Анан кайдагы теңчиликти, мыйзамдын “улуулугун” сөз кылууга арзысын?

Эмнеси болсо да өлкөбүз илең-салаң абалга кептелип, авада илинип калды. Ал абалды оңдоого оболу бийликтин башындагылардын дарамети жетеби деген суроо иймейип турганы даана көрүнүп турат. Күрөштү майда-чүйдөсүнөн эмес алдыңкы катардагы муштумдай болгон коррупционерлерден баштоого ким бут тосуп жатат? Саясий эрки бар экени чын болсо ириде Раим Матраимовду чалып жыгышы керек. Антпесе калктын элегинен өтүүгө жол ачылбайт. Батыл аракеттин натыйжасы үзүрлүү болор бекен деген соболго ачыктан-ачык президент Сооронбай Жээнбеков жооп бериши кажет. Акыйкаттыкты, таза коомдуу түзүүгө тоскоол болгон коррупциянын тамырын коркпой кыркып салууга ажо батынса карапайым эли колдоп кетүүгө даяр. Тизмедеги отуз беш коррупционердин баарына жалгыз өзү тең болгон Раимди тизеге чаап түшсө, демек чыныгы күрөш башталган экен деп билмекпиз. Жалпы журтчулуктун талабын аткарууга президент кандай баа берерин убакыт көрсөтөт. Ылайым элдин ишеними соолубаса экен…

Ж. Улукшер

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: