Menu

Тажикстанда автоунаа айнектерин караңгылатууга уруксат алуу баасы кымбаттайт

Бөлүшүү:

Тажикстанда 1-апрелден тарта автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат алуунун баасы 27 пайызга жогорулайт.

Тажик өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 2005-жылга чейин чыккан автоунаалардын айнектерин караңгылатуу үчүн жарандар 3 575 сомони (350 АКШ доллары) төлөшү керек болот. Буга чейин мындай уруксат алуунун баасы 2 750 сомонини (270 АКШ доллары) түзчү.

2005-жылдан кийин чыккан автоунаалардын ээлери айнектерин караңгылатууга уруксат алуу үчүн 7 730 сомони (500 долларга жакын) төлөйт. Буга чейин бул сумма 3 410 сомони (360 доллар) болгон.

Тажик мыйзамдарына ылайык, автоунаа ээлери тиешелүү уруксаттарды алгандан кийин арткы жана капталдагы айнектерин караңгылата алышат. Маңдайкы айнектин жогору жагындагы 20 сантиметрден башкасын караңгылатууга тыюу салынган.

1-апрелде күчүнө кире турган өкмөттүн жаңы токтомунда таксилердин жана адамдарды ташуу менен алектенген автоунаалардын айнектерин караңгылатууга тыюу салынат.

Тажикстанда 2000-жылдан 2009-жылга чейин президент, премьер-министр жана парламенттин эки палатасынын төрагалары жүргөн автоунаалардан башкасынын айнектерин караңгылатууга уруксат берилчү эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: