Menu

Самаркандда мас аял жарандык никедеги күйөөсүн бычак менен сайып өлтүргөн

Бөлүшүү:

Самаркандда мас абалындагы аял жарандык никедеги күйөөсү менен уруша кетип, жыйынтыгында аны бычактап салган. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 24-мартта түнкү саат 00:45те болгон. Аял күйөөсүнүн далысына жана курсагына бычак сайгандан кийин качып кеткен. Күйөөсү алган жараатынан улам ооруканада каза болгон.

Ошол эле күнү Самарканд шаардык прокуратурасы тарабынан аялга карата «Атайылап адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: