Menu

Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Россиянын Президентинин Кыргызстанга мамлекеттик визитине даярдык көрүү маселелерин талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-мартта, өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга биринчи мамлекеттик визитине даярдык  көрүү маселелери жана ошондой эле тышкы саясаттагы бардык актуалдуу маселелер боюнча пландар жана милдеттер талкууланды.

Министр Чыңгыз Айдарбеков Президент Владимир Путиндин мамлекеттик визитине даярдыктын жүрүшү жана бул визиттин алкагында өтө турган иш-чаралар тууралуу маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков бекитилген планга ылайык, бардык милдеттерди кылдат жана өз убагында ишке ашыруу тапшырмасын берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: