Бүгүн, 25-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы иш сапарынын алкагында Кара-Буура районундагы бир катар жалпы билим берүү мекемелеринин курулушунан кабар алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Кеңештин Төрагасы ушул жылы былтыркыдай эле алыскы райондордун инфраструктурасын жакшыртуу иштери улантылып, жаңы мектеп, спорттук мекемелер ачылып, көпүрөлөр, жолдор, каналдар, ооруканалар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатканын билдирди.
Ошондой эле Дастанбек Жумабеков Кара-Буура районундагы аталган эки мектеп жаңы окуу жылында пайдаланууга берилиши керектигин белгилеп, курулуп жаткан мектептерге бештен компьютерди белекке берди. Андан тышкары жергиликтүү тургундар Төрагадан бала бакчанын курулушу жана мобилдик байланыштын начардыгы өңдүү маселелерди чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү.
Белгилей кетсек, Төрага Дастанбек Жумабековдун Талас облусундагы иш сапарын Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлкан Молдобекова, Зарылбек Рысалиев, Кенжебек Бокоев жана Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев коштоп жүрөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ