Menu

Иса Өмүркулов, социал-демократтар фракциясынын лидери: “КСДП фракциясы башкаруучу коалициядан чыкпайт”

Бөлүшүү:

– Иса Шейшенкулович, «КСДП оппозицияга кеткенине байланыштуу фракция да башкаруучу коалициядан чыгууга тийиш» деген көз караштар айтылууда. Бул боюнча фракциянын позициясы кандай?

– Фракция коалициядан чыкпайт. Коалициядан чыгыш үчүн бир топ процедуралардан өтүш керек. Анын таасири биздин фракцияга эле эмес, биринчи өкмөткө тийет. Өкмөткө таасири тийсе, бүгүнкү республикада болуп жаткан абалга да тиешелүү болот. Өкмөт отставкага кетет, анан алар кайра курамын түзүшү керек. Ал процедуралар бүткөнчө дагы бир жарым жылга артта калабыз. Ошого байланыштуу биз, фракциянын депутаттары мамлекеттик кызыкчылыкты партиянын, фракциянын кызыкчылыгынан өйдө коюп атабыз. Ошон үчүн КСДП фракциясы башкаруучу коалициядан чыкпайт.

– Болуп өткөн окуялар КСДПнын 3-апрелде өтүүчү курултайына кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүнбү?

– Биз саясый кеңеш чогулуп, курултайды 3-апрелге белгиледик. Социал-демократтардын бдары жер-жерлерде жыйын өткөзүп, делегаттарды шайлап, ушул жерден чечим ка-бьш алышы керек. Биз бөлүп аткан жокпуз. Партияда ажырым болду, муну тана албайбыз. Партиянын борбордук бийлиги менен фракциянын көз карашы бүгүн айырмаланат, бүгүнкү саясый кырдаалга байланыштуу.

– Эртең эле шайлоо келет да. Ошондо шайлоого фракция кантип барат, партия кантип барат?

-Аны көрө жатабыз.«Эртеңки куйруктан бүтүнкү өпкө» деп айтат. Убакыт-мезгил көрсөтөт. Бирок, эки анжы боло берген туура эмес. Себеби, КСДП республикадагы чоң партиялардын бири. Өлкөнүн ичинде болуп жаткан жашоо-турмушка таасирибиз бар. Партиянын позициясынан бүгүнкү туруктуулук да байланыштуу болот. Туруктуулук болбосо бизге инвесторлордун келиши кыйын. Ошон үчүн биз эртеңки шайлоону ойлобой, мамлекеттин келечегин ойлошубуз керек. «Шайлоодон шайлоого чейин» деп жашабашыбыз керек. Айткан сөзүбүз кылган ишибиз менен айкалышы шарт. Мен мисал келтирип кетейин. Мындан 3-4 жыл мурун Грециянын экономикасы аябай төмөндөп, инфляция күчөп, мамлекет банкроттуктун чегине жеткен. Греция Евросоюздун мүчөсү да. Алар Грецияга «300 млрд. доллар беребиз, бирок, силер кардиналдуу экономикалык реформаларга барышыңар керек» деп шарт койду. Ошондо парламенттин алдында «мамлекеттин кызыкчылыгыбы, же депутаттардын эртеңки шайлоодогу кызыкчылыгыбы?» деген тандоо турду. Грек депутаттар эртең кайра шайлана албай калышы мүмкүн экенин билип турушса да, радикалдуу чараларга уруксат беришти. Мамлекеттик телевидение, мамлекеттик ишканалар, эң башкысы, пенсиялар кыскарган (азыр пенсияны кыскартып көргүлө, ар кандай мамлекетте кандай реакция болор экен). Грек депутаттар реформа жасап, 300 млрд. долларды алып, элдин кыжырдануусун төштөрүн тосуп беришти дагы, бүгүн Греция оңолуп атат. Ошондо чечим кабыл алган депутаттардын бири да кайра шайланып келген жок.

Маектешкен: Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: