Menu

«Бир Бол» фракциясында канча «чимкирик» бар?

Бөлүшүү:

«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Марал» радиосуна маек берип, келерки жылкы шайлоого сүйлөшүүлөр жүрө баштаганын, шайлоого барышарын белгилеп айтып кетти. «Бир Бол» фракциясы, алардын кадрлары бүгүн кандай иш алып барып жатат? Экс-президент Атамбаев кечээ парламенттеги депутаттардын көпчүлүгү«чимкирик» депутаттар деп белгилеп кетти. Алардын арасында, албетте, «Бир Болдун» да депутаттары болсо керек. Алар эртең кайра кайтып келишеби?» ж.б. суроолор менен эксперттерге кайрылып көрдүк.

Турат Акимов, журналист:

– Эгерде президенттин ыктыярдыгы менен мыйзам талаасы, мыйзам мейкини өзгөрбөсө, анда ушул парламент эмки жылы сентябрь айында тарап, октябрдын ортосунда кайра эле бийликке кайтып келишет. Бүгүнкү күндө капитализм, акчасы бар адамдар гана шайлана алат. Ошондуктан, кыргыз элинде өзүнүн арасынан мекенчилдерди тандабай, жалаң байларды тандамай болуп калды. Саясый күчтөр дагы акчасы болсо өнүгөт, акчасы жок болсо өнүкпөйт. Же болбосо Армениядай, Грузиядай революцияга барыш керек. Кыргызстанда эки жолу революция болду, бирок өлбөс-өчпөс мафия кайра эле бийликке отуруп калды. Ошондуктан биздин эл байлардын оозун караган кулдук сезимден кутулбай, өздөрүнүн ичинен эч кимди көтөрбөй, көралбай, жамандап, кайра эле байларга кулдук урат. Кайра эле Атамбаев билип-билбей айткан «чимкирик» депутаттар кайтып келет.

Токтогул Какчекеев, саясый серепчи:

– Негизи Алтынбек өзү мыкты жигит. Ар бир маанилүү маселеге көз карашын айта алат. Эмки шайлоого мүмкүнчүлүгү бар. Аткарган, аткарылбай калган иштерин эл алдына ачык айтыш керек.

Ал эми бүгүнкү парламентке мен да нааразымын. Анткени парламент өзүнүн бийик милдетин аткара албай жатат. Мисалы, жакында кабыл алган мыйзамдарга карасак, он үч миллион еврого жазылган мыйзамдардын баары бөлөк өлкөлөрдөн көчүрүлүп жазылган. Мына ушундай абалда Жогорку Кеңештин комитеттери, депутаттары өздөрүнүн укук таануу ишин деңгээлдүү түрдө түшүнбөстүгүн көрсөтүп жатат. Жогорку Кеңеш өзүнчө эле саясый базар болуп калган. Ошол эле «Ата Мекен» партиясы тууралуу айтсак. Текебаев түрмөдө отурат. Партия ордунда, парламентте отурат. Шарт боюнча ал партия Жогорку Кеңештеги иштерин токтотуш керек. Этика, саясый маданият, жоопкерчилик кайда? Уят деген нерсе болот. Же болбосо депутаттык мандатты 350-400 миң долларга саткан учурлар көп. Илими, билими, деңгээли, маданият жагынан аксап жатышат. Билимдери жок дейин десең, ар биринин чөнтөгүндө экиден дипломдору бар. Ушундай абалды көрсөткөн, көрсөтмөлүү парламент катары элдин эсинде калды.

Назгүл Эшеналиева, жарандык активист:

– «Бир Бол» фракциясы канча жылдан бери эле депутат болуп жүрөт. Эмнени жыргатышты? Эмнени кыйратышты? Көрүнүктүү эч кандай иштерин көрө алганым жок. Мыктыбек Абдылдаев, Чолпон Жакупова деген татыктуулар бар эле. Чолпон Жакупова «мындай парламентке иштегенден уялам» деп өз мандатын тапшырып кетти. Мен ал эки депутаттан башкасына ишеним деле көргөзө албайм. Алар парламентке кайра барганда «баягы-баягы, койчумандын таягы» дегендей эле кеп. Алардын кадрларынын бири билим министри Г.Кудайбердиеваны алсак, ал айым билим берүү тармагын талкалап жатат. Ал жакта байлыгына чиренгендер болбосо, көрүнүктүү иш аткаргандарын көрө албадым.

Алтынчы чакырылыштын депутаттарынын укпаган сөзү деле калган жок. «Чимкирик» «Түкүрүк», «Биржа», «Базарком» «Кнопка»… деги аларга коюлбаган ат калган жок. «Эл тараза, эл сынчы» деген сөз бар. Элдин элегинде, элдин оюнда ушундай элес менен калышты. Булардын уяты болгондо ушунча сөздү угуп отура бербей, өздөрүн таркатып жибериши керек болчу. Мындай караганда өкүмзордук менен отурушат. Алар өздөрүн таркатып жиберсе, кичине да болсо мамлекет үчүн пайдалуу иш жасаган болмок. Алтынчы чакырылыш жакшы пикир менен тарыхта калган жок.

Гүлжан Төрөбаева

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: