Menu

Болотбек Ибраимжанов, мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы: «Якутиядагы биздин мигранттар жумуштарына чыга беришсе болот…»

Бөлүшүү:

– Болотбек Сапарбаевич, акыркы окуяларга байланыштуу азыр элдин баарынын көңүлү Якутияга бурулуп турган кез. Ал жакта биздин канча жараныбыз бар?

– 7800. Ал эми сезон учурунда жыйырма миңге чейин жетип кетет.

– Мекендештерибиздин коопсуздугун камсыздоо боюнча сиздер тараптан кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

– 18-мартта менин орун басарым Самат Токтоболотов атайын командировкага жөнөтүлгөн. Миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнөн Жаркынай Галиева, ТИМден Дастан Ниязалиев, ички иштер министрлигинен Жолдошев төртөө Якутиянын бийлик органдары: өкмөт башчысы, ички иштер министри, тергөө бөлүмүнүн башчысы менен жолугушушту. Кырдаалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Ал жакта иштеп жүргөн биздин жарандарды мыйзам чегинде коргоп берүүлөрүн сурандык. Өзүңүздөр билгендей, 17-18-март күндөрү антимигранттык митингдер болуп өткөн. Көрүлгөн аракеттердин натыйжасында азыр абал туруктуу болуп калды. Ички иштер министринин айтымында, биздин бир дагы мигранттан аларга кайрылуу келип түшпөптүр. Биздин жарандарга карата кылмыш иши да катталбаптыр. Алар биз ыкчам барганыбызга аябай ыраазы болушту. Диаспоралар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бүгүн болсо шаардын мэри менен жолугушуу болот. Абакта биздин үч жараныбыз отурат. 1995-жылы тулган бир жаранга эки берене боюнча «адамды уурдап кетүү жана зордуктоо», калган экөөнө «адамды эркине каршы кармап туруу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Биздин өкүлдөр бүгүн убактылуу кармоочу жайга кирип, алар менен да жолугушат.

– Социалдык түйүндөрдө «биздин жарандар коркутуп-үркүтүүлөргө дуушар болушту» деген маанидеги айрым билдирүүлөр тарап кетти. Ошондой фактылар болгон бекен?

– Жана жогоруда айттым го, андай фактылар катталбаптыр. Биз алардан биздин жарандардын коопсуздугуна катуу көңүл бурууларын сурандык. Бир кылмыш иши улуттар арасындагы араздашууга, тирешүүгө алып келбеши керек. Алар бул жагын мыйзам чегинде катуу көзөмөлгө алышарын айтышты.

– Жанагындай жагымсыз окуядан кийин биздин мигранттарыбыздын Якутиядан массалык түрдө кетүүсү байкалган жокпу?

– Массалык кетүүгө эч кандай негиз жок. Бирок,17-18-март күндөрү диаспоралар менен сүйлөшүүлөр жүргөндө провокация болбосун үчүн алардан абал турукташканга чейин эч жакка чыкпай, социалдык түйүндөргө да эчтеке жазбай турууларын суранганбыз. Азыр эми алар өз жумуш орундарына чыгып иштей беришсе болот.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: