Menu

“Райым миллион” кимдин кадры? Атамбаевдикиби же Жээнбековдуку?

Бөлүшүү:

Жазгы саясий сезондун ачылышын Атамбаев 17-мартта ачып берди. Ал көндүм адатка салып алып, бүгүнкү бийликке ич күптүсүн чыгарып алды. Сооронбай Жээнбековго болгон негизги таарынычы катары “Райым миллион” атка конгон Бажы кызматынын мурунку төрага орун басары Райымбек Матраимовду коррупционер атап, аны президент камабай, ошол менен табакташ болуп алды деп кыйкырды. Райым Матраимов чын эле коррупционерби? Ал кимдин заманында коррупциялык иштерди жасады? Аны ким калкалап келди коррупционер болсо? Кызматтан-кызматка көтөргөн ишенген кожосу ким болчу? Ушул суроолорго Атамбаев жообун айтпай эле ууру деп айтканын токтотподу.

Матримов ууру, коррупционер, элдин ырыскысын жеген желмогуз болсо камалсын. Эл коррупционер камалса кош колдоп колдойт. Камалгандан кийин уурулук кылса, өлкөдөгү атактуу коррупционерлердин бири болсо, кимдин уруксаты менен коррупциялык иштерди аткарганын, доля кимге барып турганын ачыктаса андан дагы жакшы болмок.

2010-жылдагы революциядан кийин “Райым-миллионду” Ошко губернатор болуп барган Сооронбай Жээнбеков кызматка дайындаган, ошондон бери экөө жытташып, табакташ болуп келген дегенге ишенчүлөр барбы? Буга эч ким ишенбейт. Демек, бүгүн ууру деп кыйкырып жаткан Атамбаевдин алып келген кадры, анын көзөмөлүндө болуп келген дегенге эл толугу менен ишенет. Чындык дагы ушундай. 2010-жылы Бекназаров менен Атамбаев телефондон сүйлөшүп жатканда, Бекназаров “Сооронбай сунуштаган адамды дайындабай, 400 миң доллар акча алып, башка адамды дайындап койдуңар. Ошто Сооронбай ыйлап олтурат. Мен Сооронбайдын сунушун алып келип бергем. Кулматовуң “кто они такие” деп ыргытып коюптур. Мен азыр Кулматовуңду камайм…” деп күйүп-бышат. Ушунун өзү “Райым-миллионду” Атамбаев бийликке олтурган күндөн баштап эле акча менен кызматка дайындаганына далил болуп берет. Калп десе Бекназаровду сотко берип экөөсү тең таза экенин неге далилдешкен эмес.

Бажы кызматын Кулматов тартипке салып, 3 эсе түшкөн акчаны көбөйткөн деп Атамбаев абакта жаткан Кулматовун мактап бүтө албайт. Бекназаровдун сөзү Кулматов ээрге олтурганда эле кызмат орундарына акчалууларды койгонун, коррупция ошондо эле күчөгөнүн айтып жатпайбы. Кантип анан Кулматов таза иштеген деп ишенүүгө болот? Кулматов Бажы кызматын 2010-жылдан 2013-жылга чейин тейлеп турганда “Райым-миллион” Бажы кызматынын Ош облусундагы башкармалыгынын начальниги болуп кол алдында иштеген. Кулматовдун “добросу” жок өз алдынча кыймылдай алчу Матраимовдун башы экөө болбосо керек. Бишкектеги кожолорунун көзүн боёп жатканы билинип калса, ошол замат абакка тыгылып кетмек.

Кимдин кадры экенин Райымбек Матраимов өзү “Менин Бажы кызматынын төрага орун басар болуп келишиме президент Алмазбек Атамбаев менен досум Икрам Сатаровичтин салымы чоң” деп ишенген адамынын атын айтып жатса да, Атамбаев аны өзүнө жакындаткысы жок. Матраимов коррупционер экени далилденсе, Атамбаев дагы соо калбайт. Анын да кулагы чыгаарына бөркүңөрдөй эле ишене бергиле. Экөөсүн бири-биринен ажыратууга мүмкүн эмес. Атамбаев дагы канчалык аракет кылбасын коррупционер деп атаган “Райым-миллион” андан ажырап, бөлөк адамга жармашпайт.

Экөөсүнүн мамилеси бирөөсүнүн кызы, экинчисинин кайнежеси кириптер болгон жол кырсыгынан бузулганы да чындыкка жатпайт. Атамбаев “Райым-миллион” аркылуу бажыдан агылып келчү канал буулуп калып, ишенген кадры башка тарапка ооп кеткенден кийин күйүгүп кетти десек туура болчудай. Кечээ жакында эле Атамбаев өзү “Шайлоо учурунда Жээнбековго Райым акча бергенин ноябрда билип калдым” деп айтып алды.

Президенттик шайлоо алдында Бабановдун президенттик рейтинги 75-80%га чейин жетип турган. Башкача айтканда, президенттик пост аныкы болгон. Ал Атамбаевдин үйүнөн чыкпай, аялы Рита жеңеси Рая менен эже-сиңди болуп катышып, өзү болсо Алмазбек абийи менен жума сайын кулпунай жеп, баардык айткан сөзүн аткарып келген. Ошол себептен Жээнбековдун штабы шайлоонун акыркы эки жумасына чейин Атамбаевге ишенбей, “бул калп эле бизди алдап атат, акыркы момент Бабановго салып берет” деп айтып жүрүштү. Өзгөчө шайлоо фондуна Атамбаев август айынын башында “акча жок, өзүң таба аласыңбы?” деп Сокени орто жолдо жөө калтыра турганда, Жээнбековдун тобу толугу менен түңүлүп, башка булактардан табууга аргасыз болушкан. Ошол булак “Райым-миллион” болгонун Атамбаев ачыктады. Шайлоодон кийин Матраимовго катуу атырылып, атакага өтүп, эки сөздүн биринде эстеп аткан Атамбаев “мен каяктан билиптирмин, ошондон алаарын акчаны” деп жакындарына болгон күйүтүн төккөнү айтылган. Ушул маалымат чындык болуп 17-мартта чыга келди. Эми бет тырмарлык кылып, өзү 8 жыл калкалап келген адамды, башка бирөөгө жармаштырып, ууру менен дос болуп алды дегени осурган кыздын элесин тартуулап жатат. “Райым-миллион” Атамбаев менен чогуу камалууга тийиш. Экөөсү чырмоок чөптөй бири-бири менен чырмалышкан адамдар.

Бектур Бердалиев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: