Нуракебиздин ордуна келген Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы белгилүү жазуучу, журналист Кемел Токаев Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында чоңойгонун, Токаев 2005-жылы жарык көргөн “Слово об отце” китебинде жазган экен. Ал китепте Кемел Токаев 1923-жылы Алматыда туулуп, 1930-жылдары күч алган коллективдештирүү учурундагы ачарчылыктын айынан ата-энеси менен Фрунзеге көчүп келишкен. Согуштан кийин ал мекенине кайтып барып, өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин колунан калем түшүрбөй, журналистика, жазуучулук менен алектенген. Анын “Келечек тууралуу ой”, “Учкун”, “Табышмактуу из”, “Акыркы сокку”, “Жоокер согушка кетти” аттуу чыгармалары эл оозуна алынган. Ардагер 1986-жылы 63 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ