Menu

Кечээ Челябинск шаарында кыргызстандыктар катышкан «Навруз-2019» элдик чыгармачылык фестивалы болуп өттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-мартта Челябинск шаарынын Маданият үйүндѳ Челябинск шаарынын администрациясы жана Челябинск облусунун элдеринин ассамблеясы тарабынан уюшурулган Екатеринбург шаарындагы консулдук мекемелердин жана ар кандай улуттардын диаспоралык уюмдарынын башчыларынын катышуусунда «Нооруз» жаз майрамына арналган «Навруз-2019» элдик чыгармачылык фестивалы болуп өттү.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун  консулу Н. Алымбеков жана атташе Ч. Исанаева, ошондой эле «Мекендештер» ЧШКУнун тѳрайымы З. Бакирова  катышты.

Кыргызстандыктардын атынан Н.Алымбеков куттуктоо сѳзү менен чыгып, иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык каттарды жана эстеликке белек тапшырды.

Фестивалдын алкагында, диаспоралык уюмдардын музыкалык номерлери жана улуттук оюндары менен коштолгон Башкортостан Республикасынын атактуу ырчыларынын катышуусу менен майрамдык концерт болуп өттү. Ошондой эле сувенирлердин көргөзмөсү жана улуттук тамак-аштардын дегустациясы уюштурулду.

«Мекендештер» ЧШКУ тарабынан коюлган бай жасалгасы менен кыргыз боз үйү майрамдын кѳркү болду.

Иш-чара майрамдык шаңдуу атмосферасында  ѳттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: