Menu

“Цезардын аялы шектен сырткары болуш керек” дегендей КР Өкмөтүнүн вице-премьери да шектен сырткары болушу зарыл

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-мартта КР Өкмөтү бир таңгалычтуу билдирүү таратты. Анда “айрым интернет-сайттарда, социалдык тармактарда жайылтылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында айтылган Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар делген маалымат жалган болуп саналарын жана тек гана чагымчыл мүнөзгө ээ экендигин билдирет“, деп айтылат.

Кызык, ошондо өкмөттүн ою боюнча КР Жогорку Кеңешинин трибунасында бул маселени сөз кылган депутаттар Мурадыл Мадеминов, Алтынбек Сулайманов, Рыскелди Момбеков, Алманбет Шыкмаматов, Зарыл Рысалиев, Руслан Казакбаевдер журналисттер менен кошо жалганчы жана чагымчылдар болуп калабы?

Белгилей кетсек, бул сыяктуу маалыматтар Жеңиш Разаковдун инсандык аброюна жана вице-премьер-министр кызматтык ишмердигине шек келтирүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарында жана коомчулукта буга чейин бир канча ирет жайылтылган“, деп айтылат андан ары өкмөтүн билдирүүсүндө.

Кептин баары мына ушунда болуп жатпайбы, бир канча жылдан бери чет элдик жана атамекендик массалык маалымат каражаттары Жеңиш Разаков Баткен облустук милициянын бир бөлүмүн башкарып жүрүп, өзүнүн жетекчилеринен тымызын, аларга айтпай Тажикстандын аймагына өтүп кетип, ал жактан кылмыш менен кармалып, 3 сутка тажик коопсуздук кызматынын абагында олтурган, ошол учурда узак жылга камалып кетүү коркунучу жаралып, аларга агент болуп иштеп берүү макулдугун бергенден кийин гана коё берилген деп жазып келатышат. Бирок Өкмөттөн же Жеңиш Разаковдон ушунча жылдан бери “бул калп!” деген үн чыкпайт. ММКларды сотко бере албайт. Ошондой эле Жеңиш Разаковду тажик коопсуздук кызматына агенттикке тартып каеткен тажик коопсуздук кызматкери медаль менен сыйланганы сүрөттөрү менен жарыяланып чыгууда. Жеңиш Разаков алды деп эсептелген гонорарлардын суммасы көрсөтүлүп-жазылып келатат. Бирок Өкмөт менен Разаков ооздоруна суу уурттап алгансып ушунча жыл унчукпай келатышат.

Жеңиш Разаков ички иштер органдарында эмгек ишмердигинин бардык баскычтарын басып өттү, Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, андан соң бул аймактын жетекчиси болуп иштеген.

Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешесинин бар болушу анын бүтүндөй кызматтык ишмердиги бою байкалбай калмак эмес. Ушуга байланыштуу дагы бир ирет белгилей кетсек, бул сыяктуу маалыматтын эч кандай негизи жок жана коомчулукту адаштырууда.

Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети айтылган билдирүү боюнча  текшерүү жүргүзөт жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өз баасын берет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: