Menu

Суудан кургак чыккандарга сурак болобу?

Бөлүшүү:

Исхак Пирматов деген тагдырдын эрке талтаңы бар. Кезинде кыргыздарды койго теңеп, атасы ажо болгондо чабан сыпатында сүрөттөп жүргөн Максим Бакиевдин ынагы болгон. «Кыргызнефть» деген ишкананы тоноп тоймок тургай, топук кылууну унутуп коюп жегендиги боюнча узун сабак сөздүн аягы бүтө элек. Өзү болсо актанганы актанган. Кезинде Исхакчикке кылмыш иши козголуп, бирок, ЖоКе деген укуругу узун эменин парманы менен аман калган. Кылы кыйшайбай эле азыр да депутат болуп олтурат. Бул деген ага укук тармагынын укуругу жетпейт дегендик. Анткени, кезинде канчалаган депутаттар камакка алынып, айрымдары түрмөдө олтурса, айрымдары ал жактан бошоп чыгууга да үлгүрүштү. Бир гана ушул Пирматов деген эргулдун кылын кыйшайта албай атышат. Колдогону күчтүү экени ушундан билинип жатат өңдөнөт. Демек, «Колдоочуң Лондондо болсо, корголуңа чыбык сая алышпайт» деген аксиома турмуш чындыгында аныкталып баратабы? Бир учурда өлкөнү мыкчып олтургандар сурак берип атканда, аларга салыштырмалуу Пирматов эмне болуп калыптыр? Эл ырыскысына кол салгандар кайсы бир күнү жазасын алаарына ишенебиз…

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: