Menu

Ошто өз ара чырдашкан окуучулардын бири травматикалык тапанчадан жабыркады

Бөлүшүү:

Ошто өз арачырдашкан окуучулардын бири травматикалык тапанчадан жабыркады. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 17-мартта Өзгөн районунда болгон. «16 жаштагы Жазы айылынын тургундары Д.у.О., К.у.Б. жана 15 жаштагы А.у.Ш. Жээренчи айылына баражатып, У.у.Н. аттуу окуучуну кезиктиришкен. Алардын арасында чыр чыгып, Д.у.О. травматикалык тапанча менен У.у.Н.ны атып жиберген. Ок 17 жаштагы өспүрүмдүн ээгине жана моюнуна тийген. Аталган факт «бейбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Тиешелүү медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат», – деди басма сөз кызматкери.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: