Menu

Помпео Орусияны Венесуэладагы каатчылыкты күчөтүүгө айыптады

Бөлүшүү:

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, «Орусия Венесуэладагы чыңалууну курчутуп жатканда, Кошмо Штаттар четте карап турбастыгын» билдирди. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматы кабарлады.

Өз сөзүндө Помпео Орусиянын Николас Мадуронун режимине көрсөтүп жаткан аскердик колдоосун айыптап, Москваны «жөнсүз жүрүш-турушун токтотууга» чакырды.

Күн мурун Венесуэлага жүзгө жакын орусиялык аскер барганы белгилүү болгон. Бул боюнча Орусиянын Коргоо жана Тышкы иштер министрликтери расмий билдирүү жасаган эмес. Бирок РИА Новости агенттигине Каракастагы дипломатиялык булак орус аскерлери менен учак келип конгонун ырастаган.

Мурдараак АКШнын мамлекеттик катчысы Венесуэладагы саясий абал башка өлкөлөргө коркунуч туудурбай тургандыгын айткан Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензяны сынга алган.

2014-жылдан бери Венесуэладагы конституциялык жана экономикалык каатчылыктан улам президент Николас Мадурого каршы жарандардын нааразылык акциялары байма-бай өтүп келет. Мадуронун президент катары легитимдүүлүгүн Латын Америкасындагы өлкөлөрдүн көбү, Бразилия, АКШ, Австралия, Канада жана Израиль тааныбайт. Гуайдо 23-январда өткөн митинг маалында өзүн өлкөнүн убактылуу президенти деп жарыялап, мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрүүнү убадалаган.

Орусия, Түркия, Кытай, Куба жана Боливия өлкөлөрү Мадурону президент деп таанышат. Орусиянын президети Владимир Путин Мадуро менен телефон аркылуу сүйлөшүп, «аны колдой турганын» билдирген. Орусия менен Венесуэланын Тышкы иштер министрликтери өлкөдөгү саясий каатчылыкты АКШ жасалма жол менен түзгөнүн билдирип келишет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: