Menu

Мамат Айбалаев, экс-губернатор: “Чек ара маселесин чечүүдө убакыттан уттуруп жибердик”

Бөлүшүү:

Чек ара маселесин жакшы билген, ал турсун чиеленишкен маселенин жолдорун да чечүүнүн жолдорун сунуштай алган Мамат Айбалаевди кепке тартып, айрым суроолорго жооп алдык.

– Мамат мырза, чек арада чыр чыкканда дайым сизди эстейбиз. Чек арадагы жылдан-жылга курчуган жагдайды эпке келтирүүнүн, чечүүнүн жолу барбы?

– Ал маселени чечиш үчүн алгач делимитация, демаркация деген маселелерди чечүү керек. Болбосо мындай чырды эч ким болтурбай коё албайт. Ал маселени чечкенде да мамлекет өзү каалагандай чечим кабыл ала бербей, ошол жердеги жашоочулардын да пикирин эске алып, макулдашышы керек. Ошондой эле Тажикстандын бийлиги менен да сүйлөшүш керек. Тажиктер менен биздин мамлекеттин көз карашына жакындаган орток пикир тапканда гана бул маселени чечүү аз-маз жеңилдейт. Болбосо, бул маселе жыл өткөн сайын татаалдай берет. Негизи чек ара маселесин чечүүнүн варианттары, жолдору жок эмес, бар. Бирок чек ара маселеси менен алек болгон комиссия тынымсыз иштеп, Кыргызстандын кызыкчылыгын жогору койгон вариантты ишке ашырууга аракет кылышы абзел.

– Сиз чек ара маселесин чечүүдө кайсы вариантты сунуштайт элеңиз?

– Менде ал маселени чече турган 4-5 вариант бар. Биринчиси, Тажикстанда жашаган Мургаб, Жерге-Тал районундагы кыргыздарды кор кылбай тажиктер менен акылдашып, Кыргызстанга чектеш жерлерге көчүрсө болот. Айтайын дегеним, Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен жерине кыргыздар жашаса, жыл сайын чыгып жаткан жаңжал чыкпайт. Анткени кыргыздар менен кыргыздар урушпайт. Тажикстандын дагы бир облусунда 17 кыргыз айылы бар. Ал жерде 25 миңдей киши жашайт. Андан тышкары чакан шаарда дагы 200дөй үй-бүлө жашайт. Алардын көпчүлүгү мен губернатор кезде Кыргызстанга жашасак деген ниетин билдиришип, Тажикстанда кыргыздарга болгон мамиле өзгөрө баштаганын айтышкан. Ошон үчүн бул маселени көз жаздымда калтырбай тажиктер менен акылдашып, Тажикстандагы кыргыздарды Кыргызстан менен чектеш жерине көчүрсө жакшы болот эле. Калган варианттарды чек ара маселесин чече турган тийиштүү адамдар менен талкуулаганга даярмын.

— Чек ара маселесин эки жактын президенттери гана чечет. Комиссия түзүлгөнү менен жарытылуу деле чечим чыгарбайт дешет айрымдар. Чек ара маселесин чечүүдө сөзсүз президенттин саясий эрки керекпи?

– Чек аранын маселесин, көйгөйүн чечүү Конституция боюнча президенттин эмес, өкмөттүн милдети. Ошондуктан ал маселени өкмөт чечиш керек. Президент жардамдашса андан да жакшы. Анткени чек ара маселесин чечүүдө убакыттан уттуруп жибердик. Эгемендүүлүк алган жылдары эле чек араны тактай салбай эйфорияга батып жүрө берип маселени татаалдаштырып алдык. Ал жылдары биз кошуналар менен көп жылдар бою бирге жашадык. Каныбыз-каныбызга сиңип калган деп жүрө берип убакытты өткөрүп алдык. Бирок чек ара маселеси биз ойлогондой эмес экен да. Ал кырдаалды курчуткан, тирешти жандантып коюу мүмкүнчүлүгү жогору маселе экен. Ага дүйнө жүзүндөгү чек ара боюнча чыккан жагдайлар, жаңжалдар мисал боло алат. Азыр кырдаал да, элдин психологиясы да өзгөргөн. Илгеркиче ойлонгонго болбойт. Жерди белекке берген да чыккынчылыкка тете иш. Ошон үчүн Акаев Үзөңгү-Куушту Кытайга бергени үчүн, Бакиев Каркыраны казактарга бергени үчүн кылмыш жообуна тартылышы керек. Кылмыш жообуна тартыш керек десе эле аларды камаш керек эмес. Алардын ошол аракеттерине баа берилиши керек.

-Чек арага жакын жашагандар чек арадан чыр чыкса эле биздин өкмөт өз жарандарыбызды жазалайт. Тажиктер болсо кыргыз бийлиги өз жарандарын жазалайт деп бизди тоготушпайт дешет экен. Бул маалыматка ишенсек болобу?

– Чек арада маселесин чечүүдө көп оор жагдайлар бар. Чыр чыккан сайын ошол жагдайлар эске салынат. Эми кырдаал кыйындаган жерде түрдүү варианттагы сөздөр айтыла берет. Балким бул сөз ошондой оор жагдайлардын биринде айтылгандыр. Мүмкүн өкмөт да айрым учурда катачылыкка жол бергендир.

– Чек ара маселесин чечүүдө меймандостук деген шылтоо менен көп учурда Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынбай калат деген да пикирлер арбын. Ошол чынбы?

– Азыр ал маселени чечүүдө кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын гана эске алыш керек. Анткени меймандостукту эске ала турган социализмден өтүп кеттик. Меймандостук социализм менен бүттү го деген ойдомун. Азыр капитализмде жашап жатабыз. Капитализмде система социализмден башкача болот. Ошон үчүн сөзсүз чек ара маселесин чечүүдө кыргыз мамлекетинин гана кызыкчылыгын эске алышыбыз керек.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева
Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: