ММКлардын бирине “мындай ыплас бийликти токтотуу үчүн ким менен болсо да биригүүгө даярмын” – деп Адахан Мадумаров айткан.
Ал билдирүүдө кыргыз саясатында кайнап жүргөн кишилер менен гана эмес, жалпы журтка басым жасаган.
Конституцияны өзгөртүп, көптөгөн шайлоолорду бурмалап, мамлекеттик казынага эбегейсиз чоң зыян келтирген, өзүнүн жакын досуна, шоопуруна, жан сакчыларына мамлекеттик машинаны башкарткан киши менен биригүү Бүтүн Кыргызстан саясий партиясынын ар кандай принциптерине туура келбейт.
Тилекке каршы бир сөздү ар тарапка бурмалап, ар ким өзүнүн ыңгайына жараша таратып жаткандыгы өкүндүрөт.
Бүтүн Кыргызстан саясий партиясы 2020-жылда өтүүчү Парламенттик шайлоого эч ким менен бирикпейт, 14 жылдык тарыхы менен, туруктуу электораты менен бирге жеңишке жетишет.
Тийиштүү маалыматтар жана топтолуп калган суроолор боюнча жакынкы күндөрү Адахан Мадумаров билдирүү таратат.
“Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ