Былтыр, 2018-жылы апрелде бийлик Алмаз Атамбаевдин реваншист досторун мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясына киргизбей койгонуна таарынып, экс-президент өзүнүн Кой-Таштагы Максим Бакиевдин жерине салган хансарайына көчүп чыгып кеткен. Ошондон бери резиденцияны “желкемдин чуңкуру көрсүн” деген таризде жүргөн Атамбаев 28-мартта баштала турган Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапарына карата кайрадан резиденцияга көчүп келем деп жулунуп жатыптыр.
Кыязы, Атамбаев Путинге жолугуп, өз арыз-арманын айтып каламбы деп максат коюп жатса керек.
Эсиңиздерге сала кетсек, былтыр, 2018-жылы күзүндө Москвага атайын барган экс-президент Алмаз Атамбаев Россиянын президенти В.Путинге жолуга албай келген. Алтургай анын пресс-катчысы Дмитрий Песков да кабыл албай койгону айтылган.
Эгер 28-29-марттарда мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында Атамбаев Путинге жолуга алса адатынча анын мойнуна асылып, сүрөткө түшүп, аны элге жарыялап PR кылары айдан ачык.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ