Menu

Казакстанда эки суткадан бери мунай кениндеги скважинада газ күйүп жатат

Бөлүшүү:

Казакстанда эки суткадан бери Мангистау облусунда жайгашкан Каламкас мунай кениндеги скважиналардын биринде сыртка сызылып чыккан газ ачык күйүп жатат. Кенди Казакстандын «КазМунайГаз» жана Кытайдын CNPC компанияларына таандык «Мангистаумунайгаз» ишканасы 1996-жылдан бери иштетип келет.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдындагы Өзгөчө кырдаалдар департаментинин башчысы Владимир Беккердин айтымында, «мунайдын өзү күйбөгөндүктөн, кендеги өрт чоң техногендик кырсык деп эсептелбейт». Өз кезегинде өлкөнүн энергетика министринин орун басары Сабит Нурлыбай кенге эң жакын жайгашкан калктуу конуш 70 чакырым алыстыкта экенин жана «айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирүү жок экенин» билдирди.

13-мартта Каламкас кениндеги скважиналардын биринде газ аралашмасы сызылып чыгып жатканы аныкталган. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, 13-марттан 24-мартка чейин скважиналардагы газ сызылып чыккан бардык жерлер тосулган. Бирок 25-март күнү кечинде алардын басым жогору болгон бирөөсүндө газ аралашмасынын тутанышынан улам өрт башталган.

Өрттү өчүрүүгө дале болсо мүмкүн болбой жатат. Бирок 26-мартта Өзгөчө кырдаалдар комитетинин башчысы Владимир Беккер Атырау шаарынан өрт чыккан жерге кошумча техника жөнөтүлгөнүн айткан.

Облустук прокуратурадан өрттүн чыгышына байланыштуу кылмыш иши козголгонун жана компаниянын жетекчилиги бул өзгөчө кырдаал тууралуу өз убагында кабар бербегенин билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: