Menu

Алмамбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: “Атамбаев жети жылда кландык башкарууну туу чокусуна жеткирген”

Бөлүшүү:

– Атамбаевдин бул айткандары азыркы бийликке оппозиция эмес, ич күйдүлүк, кек, өч алуу, жеке ызаа деңгээлиндеги гана сөздөр. Атамбаевдин эң биринчи максаты азыркы президенттен бардык ыкманы колдонуп өч алуу: элди бөлүп-жаруу, баш аламандыктарды уюштуруп, ар кандай провокацияларга баруу. Аны ачык эле кыйыр түрүндө айтты. Мисалы, “милициялар президентги колдоп, өз элин атпайт, бул президентти алып келгеним үчүн кечирип койгула, мен ал катамды оңдойм”- деген сөздөрү, Атамбаевдин мезгилинде коррупция туу чокусуна чыккан. ЖЭБ, музей, ипподром, шаардын четиндеги жер участкалары менен болгон махинациялар, булардын баарын Атамбаевдин айланасындагы адамдар жасаган. Алар азыр абакта отурат. Саясий куугунтук боюнча да Атамбаев алдына эч кимди чыгарган эмес. Анын убагында 20га жакын адам саясий себеп менен кесилип кеткен. Алар кылмыш кылганы үчүн эмес, Алмазды сындаганы, кайчы пикир айтканы, айланасындагылардын уурулугу боюнча, кадр саясатындагы ашмалтайы, айдоочусун алып келип мамлекетти башкартканы жана билим жок адамдарды генерал кылгандыгы үчүн сын айткандарга жасалма иштерди ачып, каматкан.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: