Menu

“Каралар” кадимкидей баш көтөрүп жатышат. Министр Кашкар Жунушалиев алсыз…

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы крим чөйрөнүн салмагы абдан эле оор. “Каралардын” “атасы” Камчы Көлбаев болсо, акыркы учурда бизнеске катуу киришип кетти. Ал эми анын балдары “аталык” айтканды айткандай аткарып жатышат. ИИМ болсо “каралардын” алдында, айрыкча Көлбаевдин алдында аябай эле алсыз. “Каралардын” карааны көрүнгөн кылмыштар болсо байма-бай катталып жатат. Өткөндө Кой-Таштан 23 жаштагы врачты атып кетишкен. Жакында болсо, Чүйдөгү атышуу окуясынан жергиликтүү кеңештин депутаты жан берди. Дагы бир депутат кылмышка шектелип качып жүрөт. Түштүктө деле ушул сындуу крим окуялар аз эмес. Тономойлор да көп катталууда. Эки күн мурун Токтогул – Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинен 26 жаштагы жигитти белгисиз адамдар коркутуп-үркүтүп, машинага салып, ээн жерге алып барып, арматура менен сабап, денесине оор жаракат келтирип, андан акча талап кылышкан. Кудай жалгап, милиция бул кылмыштын бетин ачкандай болду. Бул кылмышка шектүүлөрдүн бири катары 1990-жылы туулган И.А. кармалган. Ал өткөн жылдын этегинен бери издөөдө болуп, ИИМдин атайын каттоосуна алынган. Буга чейин бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү. Кыскасы, “караларың” ушинтип баш көтөрүп, өздөрүнүн “өзгөчө” максаттарын көп учурда ийгиликтүү ишке ашырып жатышат. Министр Кашкар Жунушалинев болсо аларга катуу чара көрө албай алсыздыгын аныктап койду. Мындайда, “Ишенген кожом сен болсоң, кемшейген оозуңду урайын” дечү беле…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: