Menu

Разаков чын эле чыккынчыбы?

Бөлүшүү:

Күч тармактарын тескеген вице-премьер министр Жеңиш Разаковду бир катар депутаттар Тажикстандын Кыргызстандагы агенти деген таризде күнөөлөп чыгышты. Депутаттар тажик ЖМКларынын Разаков тууралуу жазган маалыматынан улам ушундай жүйө келтиришти. Разаков болсо “шектүү шекинет болуп” ЖК жыйынында бул маселени ачык талкуулоого каршы чыгып, жабык түрдө айтып берерин билдирип, ансыз да дендароо болуп олтурган депутаттардын оозун Ошту көздөй каратты. Эгер Разаков чыккынчылыкка кыпындай да тиешеси жок болсо, анда ошол жыйында эле баарын тарс-тарс ачык айтмак. Тилекке каршы, анткенге эрки жетпеди. Ого бетер шек жараткан өкмөт өкүлүн бир катар депутаттар кызматтан кетишин талап кылды. Эми бул ишти тиешелүү тарап иликтемей болду. Иликтөө калыс, таза жүрсө, кандайдыр бир илинчектер чыгып калышы ажеп эмес болуп турат. Жок эле дегенде Парпиевич креслосунан айрылышы мүмкүн.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: