Menu

Руслан Казакбаев: “Бабанов мыйзам алдында жооп берүүгө даяр!”

Бөлүшүү:

– Чындык азыр биз тарапта. Бул шайлоонун убагындагы саясий иш. Улуттар аралык араздашууга шек келтирди деп иш ачылган. Бул иш боюнча эксперттердин корутунудусу УКМКга берилген. Каттуу көрүнүшкө алып барганга эч кандай негиз жок. Мындай саясий иштерди УКМК элге дайыма билдирип туруш керек. Бирок УКМК биринчи жолу өз оюн билдирип жатат. Мени таң калтырган жагы бар. “Мыйзам алдында жооп берет”- деди. “Тергөө иштери улантылат”- десе туура болот. Бабанов жоопкерчиликтен качпайт жана качкан эмес. Мыйзам астында жооп берүүгө даяр.

Өмүрбек Бабанов жакын арада чындыгында эле Кыргызстанга келем деп жатат. Эки жума мурун 4-5 депутатыбыз, анын ичинде мен да бармын, Орусияга болгон иш сапарыбызда Өмүрбек Токтогулович менен да жолугуштук эле дос катары, коллега катары. Ошондо да эң жакын арада Кыргызстанга келе турганын билдирди. Буга чейин да телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдө билдирип турган. Акыркы жоолугушууда да ошентип айтты. Кудай буйруса жакын арада Өмүрбек Токтогуловичти Кыргызстандан көрөбүз.

Саясий маселелерди чечүүдө сүйлөшүүлөр болгон жана болуп келген. Бабановдун иши боюнча, иштин саясий өңүттө болгонун биз башынан аныктап келгенбиз. Бабановго байланышкан иш саясий экенин баардыгы билет. Акыркы президенттик шайлоодон кийинки ачылган иш. Кыска заманда адилеттүү жана калыс жабылат деген үмүттөбүз. Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен менин сүйлөшүүлөрүм болгон, азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөр болгон, укук коргоо органдарында сүйлөшүүлөр болгон. Акыркы он айдан бери мен сүйлөшүүлөргө катышкан жокмун. Ошондуктан мен акыркы мезгилде сүйлөшүүлөр кайсы деңгээлде жүрүп жатат жана жыйынтыгы кандай болот менин билгим жок. Саясий соодалашуу журуп жатат дегенден мен алыс болот элем.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: