Menu

ИИМдин мурдагы министри Конгантиевдин иши боюнча сот отуруму өттү

Бөлүшүү:

27-мартта Биринчи май райондук сотунда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин иши боюнча сот отуруму өттү. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымдады.

Анын айтымында бүгүнкү отурумда Конгантиевге 2005-жылы 24-март окуясына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча күбөлөр суралды. Алардын бири Улуттук банктын Жалал-Абаддагы филлиалынын мурдагы жетекчиси Мелис Батырбеков Конгантиевге эч кандай дооматы жок экенин билдирген. Конгантиевге ошол кезде Батырбеков коркутуп, уруп- сабоого кабылып жатканын көрүп жардам берген эмес деген айып коюлган. Айткуловдун айтымында, сотто Батырбеков Конгантиев анын үй-бүлөсүн алып чыгып кетүүгө жардам бергенин билдирген.

Ошол кезде Молдомуса Конгантиев Ички иштер башкармалыгынын жол кыймылын башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси болгон.

Экс-министр Конгантиевге козголгон иш “кылмыш аракети жок” деген жүйө менен кыскартылып кеткени былтыр ачыкка чыккан. Бул маалыматты ошол эле жылдын 18-июнунда УКМК бышыктаган. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.

Башкы көзөмөлдөөчү орган анын эртеси эле атайын кызматтын ишти токтотуу тууралуу чечиминин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө баа бериле турганын маалымдаган. 2018-жылдын 12-декабрында Башкы прокуратура мурдагы ички иштер министри УКМКнын Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышы боюнча чечимин жокко чыгарган. Натыйжада иш кайра жанданган.

Конгантиевге 2005-жылы 24-марттан, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери (“Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу”, “Шалаакылык”) менен кылмыш иши козголгон.

Милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев 2008-жылдын январынан 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашууга чейин Ички иштер министрлигин жетектеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: