Menu

Орусия Кыргызстанга 30 миллион доллар кайтарымсыз жардам берет

Бөлүшүү:

Орусия өкмөтү Кыргызстандын бюджетине колдоо көрсөтүү үчүн 30 миллион доллар өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берет. Бул тууралуу Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.

“Жакында эле, мартта, бул тууралуу али белгилүү эмес, Орусия өкмөтү кыргыздардын суранычы менен бюджетке колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстанга 30 миллион өлчөмүндө кайтарымсыз каржылай жардам берүү чечимин кабыл алды”, – деди Ушаков.

Орусия президенти Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусу бүгүн, 28-мартка белгиленген. Тараптар ЖККУнун Канттагы аскер базасы туралуу келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин талкуулашат. Учурда авиабазаны Орусия башкарат.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков Орусиянын Канттагы аскер базасын кеңейтүү боюнча жаңы протоколго кол коюларын четке каккан жок.

“Орусиянын Бириккен аскер базасы боюнча макулдашууларга өзгөртүү киргизүү боюнча протоколго кол коюлары күтүлүүдө. Бул боюнча тиешелүү мекемелердин арасында сүйлөшүү уланып жатат. Анын деталдарын ачууга азырынча мүмкүнчүлүк жок. Анткени сүйлөшүү азыр да уланып жатат”, – деген ал.

Жолугушууда 30га жакын келишимге кол коюлат.

Орусия 2017-жылы июнда Кыргызстандын 240 миллион доллар мамлекеттик карызын кечкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: