Menu

Казакстанда аскердик тик учак кыйрап, экипаж мүчөлөрү каза болду

Бөлүшүү:

Казакстандын Кызылордо облусунда Коргоо министрлигинин аскердик тик учагы  кыйрады. Министрлик курмандыктар бар экенин, жабыр тарткандардын абалы такталып жатканын билдирди.

Тик учак Актаудан Шымкентке баратканда кырсыкка кабылган. Анын бортунда он үч киши болгон.

Казакстан Коргоо министрлиги учуу “Алтын жебе” атайын бөлүгүнүн машыгууларынын алкагында, караңгыда жана татаал метеорологиялык шартта жүргөнүн белгиледи.

Учурда атайын комиссия түзүлүп, кырсык болгон жерге жөнөп кетишти.

Өлкөнүн убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев “Твиттердеги” баракчасына кырсыкта экипаж мүчөлөрү каза болгонун билдирип, маркумдардын жакындарына көңүл айтты жана материалдык жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: