Menu

Бабанов “шоу” баштады, келсе эле колуна кишен салынып, УКМКга камалабы?..

Бөлүшүү:

2010-жылдагы парламенттик шайлоо астындагы дебатта Камчыбек Ташиев «Өмүрбек, сен Максимдин офисинде эле жүрчү эмес белең, чогуу бизнес кылып!» деп мат кылган болчу. Чынында эле Бакиев режиминде Бабанов вице-премьер-министр болуп, кандуу бийликтин жыргалын жакшы эле таткан. 2009-жылы болсо, Бабанов «мен саясаттан кетем, бизнес кылам» деген. Ошентип, ал бизнесте жүргөн эле.

Анан 2010-жылы 7-апрелде революция болуп кетип, баягы бизнеске кеткен БӨТ саясатка күтүүсүздөн аттанып, «Республика» партиясын түзүп, Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. 1-вице-премьер-министр, премьер-министр кызматтарын аркалап, «суктугунун» айынан аргымак чыры менен ээрден ооп түшөт. Дагы бизнеске кетип калат. Кайра 2015-жылы «Республика – Ата Журт» деп партия түзүп, Ташиевге биригип, ыңгайы келгенде аны «борттон» ары ыргытып, өз саясатын жүргүзө баштаган. 2017-жылы Бабанов президенттик шайлоого аттанып, натыйжада, утулуп тынды. Орто жерден Канат Исаевге да жамандыгы тийип, Атамбаевдин күч органдары чагымчылык жасашып, ак жеринен аны камап салышкан. Ошондо саясый тилектеш болуп аткан БӨТ 180 градуска бурулат да, Исаевге «кол шилтеп» кеткени белгилүү…

Президенттик шайлоодон кийин Бабановго оор беренелер менен кылмыш иштери козголуп, бирок, ал жигитче тике тура албай, качып кеткен. Кайра дагы ортодон бийлик менен соодалашып, баягы «алдаркөсөлүгүн» карматты беле? «Мен саясаттан кеттим, бизнес кылам» деп жарыялаган. Кызыгы, ал эски адатынча коомчулуктун көзүн жайгарып, эми кайрадан саясатка келатканын жакындарына айта баштаганы, ошол эле Руслан Казакбаев 2020-жылдагы парламенттик шайлоого чогуу аттанышарын ниеттештерине айтып жүргөнүн кайда жашырат? Булар качанкыга чейин эле элди алдашып, «саясый сахнада» өз билгендерин кыла беришет?

Учурда болсо ЖМКларда, соцтармактарда Бабановдун пиарщиктери катуу иштешип, жакын арада анын келе турганын жар салышууда. Мындай шоу кылуунун кандай маңызы бар? Шаң-салтанат менен Бабановду тосуп алууга азыртан эле даярдыктар көрүлө баштаганы эмнени билдирет? «Эл оозунда элек жок» дегендей, миңдеген адамдар «качкын лидерди» тосуп алууга чыгышары байма-бай жазылууда. «Бийликти коркуталы» деген ойлору барбы? Кызык. Кыргызстан мыйзамдуу өлкө болгондон соң, БӨТкө күч органдары тарабынан олуттуу суроолор бар экени факт. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, ал Кыргызстанга кайтса эле УКМК камакка ала турганы айтылууда. Анан эле алдын ала дүрбөлөңгө түшүү, ар кандай лозунгдарга даярдануу ашыкча да. Ооба, Бабановдун акчасына кызыккан күйөрмандары арбын, аларды бейстабилдүүлүк үчүн эмес, Кыргызстандын туруктуулугуна, эмгекке үндөө зарыл. Мезгилдин талабы да ушундай…

Айтмакчы, Бабанов менен Москвадан 25-мартта түшкөн сүрөтүн Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына чыгарыптыр. «Жакында көрүшкөнчө, жакшы иштер эми башталат» маанисинде пикир калтырган. Соцтармакгагы ышкыбоздор экөөнүн урушканын, бириккенин, кайра ажырашканын, эми кучакташып алышканын сындашып, өтө тескери маанайдагы комментарийлерди жаадырышты. Принциптер кайда? Ошон үчүн көпчүлүк катмар мындай туруксуз, ар дайым ойт берме, кубулма жүздөрдөн тажап калышканын билдиришүүдө. Коомчулукту иренжитип атышканын кайда жашырабыз?..

Таңгалычтуусу, Ташиевдин буга чейин «бийлик мага кызмат бербей койду, оппозицияга кеттим» деп айтканы чынбы? Аныгында, Москвага жетип барды. Бабанов экөө «Барбаросс пландарды» түзүшүп, апрель айынын ичинде Атамбаевге кошулуу менен төңкөрүшкө камынып атышабы? Ушул суроолорго жооп бере алышабы? Азыр эч кандай революциялык кырдаал Кыргызстанда түзүлгөн жок. Эгерде булардын дал ушундай тескери ойлору карапайым калк астында аныкталса, анда аягы жакшылыкча бүтпөй калат го?..

Тайлак Назымов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: