Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан менен Россия ортосунда эч кандай пикир келишпестик жок, биз бардык маселелер боюнча тыгыз кызматташып жатабыз

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, Россия Президентинин Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн россиялык кесиптеши менен жана россиялык делегация мүчөлөрү менен жылуу учурашып, эки тараптуу кызматташтыктын бийик деңгээлин жана активдүү динамикасын канааттануу менен белгиледи.

«Биз соода, өнөр-жай, транспорт, миграция тармагында кызматташууну кеңейтип жатабыз. Аскердик жана аскерий-техникалык кызматташтык ыкчам өнүгүүдө.  Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө кезектеги жардам үчүн ыраазычылык билдирем. Биздин жарандар үчүн кайрадан „миграциялык жеңилдик“ берүү жөнүндө чечимиңиз үчүн Сизге ыраазыбыз. Бул Россиядагы биздин мекендештерибиз үчүн чоң колдоо болуп саналат. Тар чөйрөдөгү жолугушууда биз бардык маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетиштик. Мен Владимир Владимировичке биздин демилгелерди колдогону жана түшүнгөнү үчүн ыраазычылык билдирем», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал кийинки кезде кыргыз-россиялык өз ара аракеттешүү мурдагыдан да бир кыйла тыгыз болуп калганын баса белгиледи. Жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушуулар өттү. Жакында эле Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын ийгиликтүү өткөрдүк. Кечээ Кыргызстандын жана Россиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи Форуму өз ишин жыйынтыктады. Азыр абдан масштабдуу Аймактар аралык конференция өтүүдө. Ал биздин аймактардын потенциалын өстүрүүгө, эки өлкөнүн чарбалык субъектилери ортосундагы түз байланыштарды орнотууга багытталган.

«Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү менен биздин мамилелер сапаттуу деңгээлге чыкты. Кыргызстан ЕврАзЭБ шарттарына ыңгайлашуусунда Россия тараптан 200 млн доллар өлчөмүндөгү көрсөтүлгөн жардамды жогору баалайт. Өзгөчө Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өз убагында ишке киргенин өзгөчө белгилеп кетким келет. Фонд республиканын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган бир катар долбоорлорду каржылады.

Бүгүнкү жолугушуу буга чейин жасалган иштерге саресеп салып, алдыдагы кадамдарды жана кызматташтыгыбыздын багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк берет деп ишенем. Бул мурдагыдай эле биримдиктин, достук мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн духунда өтөрүндө шек жок», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал бүгүн биз өз ара аракеттешүүнүн ар кандай тармактарды камтыган ири документтер топтомуна кол коюларын белгиледи.   Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын натыйжалары боюнча макулдашууларды ишке ашыруу биздин көп тармактуу кызматташтыктын мындан ары карай өнүгүшүнө өбөлгө болооруна ишенерин билдирди.

Кыргызстандын Мамлекет башчысы эки тараптуу соода жүгүртүүнүн өсүшүндөгү оң динамиканы, бизнес коомчулуктун активдүүлүгүн жана соода-экономикалык, инвестициялык жана аймактар аралык чөйрөлөрдө контракттардын даяр экенин өзгөчө белгиледи.

«Биз биргеликте эки миллиарддык чекке жетип, балким, андан да ашуубуз керек. Аймактагы аскерий-саясий кырдаалды эске алуу менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн Россиялык заманбап курал-жарактар жана техника менен кайра жаңылоону улантуу маанилүү деп эсептейм.

Айыл чарбасындагы кызматташтыктын алкагында жана Кыргызстандан Россияга айыл чарба продукцияларын жеткирүүдө биздин Өкмөттөр ортосунда такай иш алып барган жумушчу тобун түзүү маанилүү деп эсептейм. Белгилүү болгондой, биздин азык-түлүктөр жогорку органикалуулугу жана экологиялык жактан тазалыгы менен айырмаланат. Ветеринардык көзөмөлдүн кыргыз системасы өзүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча ыкчам кадамдарды жасады. Россия Кыргызстанда өндүрүлгөн чийки этти алып кирүүгө тыюу салууну алып салды. Бул үчүн Россия тарапка чын дилден ыраазычылык билдиребиз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташуу жөнүндө айтып, Кыргызстандын Президенти 2018-жыл эл жазуучусу Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдык мааракесин татыктуу өткөрүүгө багытталганын белгиледи жана Россиянын борбор шаарында улуу гуманист-жазуучунун элесин түбөлүккө калтырууда Россия тараптын колдоосу үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле билим берүү жана жаштар саясаты жаатында кызматташтык да уланууда.

Сооронбай Жээнбеков Россиянын жогорку окуу жайларында кыргыз студенттери үчүн квотаны көбөйтүү жөнүндө чечими үчүн Владимир Путинге ыраазычылык билдирди. Бул чечим зарыл болгон тармактарды, анын ичинде техникалык багыттарды керектүү адистер менен толтурууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Миграция маселеси боюнча кызматташуу чөйрөсүндө ал миграциялык каттоого алуу процедураларын жеңилдетүүнү, же өлкөдөн чыгарып салбастан, айып салуу түрүндөгү жоопко тартуу чарасы менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.

«Товарларга байкоо жүргүзүүнүн кыргыз улутуттук системасын түзүү үчүн техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө маселенин чечилишин тездетүүгө көмөк көрсөтүүңүздү өтүнөм. Бул маселени Сиз менен буга чейин талкуулаганбыз, жана ал эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жана ведомстволорунун деңгээлинде бир нече ирет каралган», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Андан тышкары, ал 2019-жылы ЖККУ төрагалыгынын жүрүшүндө Кыргызстан сунуш кылган артыкчылыктарды Россия тараптын колдогонун жогору баалай турганын белгиледи.

Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынын уюштурууга жана өткөрүүгө техникалык жардам көрсөтүү чечими үчүн ыраазычылык билдирип, Афганистан Ислам Республикасындагы кырдаалды тынчтык жол менен жөнгө салууга жаңы дем берүүгө багытталган Россиянын аракеттерин колдоду.

Кыргызстан аймактагы коопсуздук процессине колдон келген салымын кошууга даяр. Анткени биз Афганистанда тынчтык орноп, бул өлкөнүн гүлдөп өнүгүүсүнө кызыкдарбыз.

«Кыргызстан аймактагы коопсуздук процессине колдон келген салымын кошууга даяр. Анткени биз Афганистанда тынчтык орноп, бул өлкөнүн гүлдөп өнүгүүсүнө кызыкдарбыз. КМШ өлкөлөрүндө эл аралык террордук уюмдардын „уйкудагы ячейкалары“ аракеттерин улантып жатышат.

Терроризм, экстремизм, наркотрафик жана жогоруда белгиленген коркунучтарга каршы биргелешкен күрөштү улантуу өтө маанилүү. Бул багытта биздин өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын кызматташтыгын канааттануу менен белгилейм. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттешүү чөйрөсүндө жардам көрсөтүү Программасын кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгүн кароону өтүнөм», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков жалпысынан каралып жаткан күн тартиби эки өлкө ортосундагы  ишенимдүү мамилелердин жогорку даражада экенин тастыктай турганын белгилеп, бардык талкууланган маселелер боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди табылганына жана келечекке жакшы пландар белгиленгенине ишенерин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: