Menu

“Азия ньюс”: Генерал Курсан Асанов милиция кызматкерлерине мыкты үлгү көрсөттү

Бөлүшүү:

Олимпиада чемпиону Александр Мелентьевдин жаркын элесине арналган ИИМ кызматкерлери арасында спорттун ар тараптуу (многоборье) жана ок атуу боюнча мелдеши болуп, анын салтанаттуу ачылышында ички иштер министринин орун басары, кармаш уруш боюнча СССР спортунун чебери, генерал Курсан Асанов катышты. Эң кызыгы, мелдештин катышуучуларына мастер-класс көргөзүп, тапанча жана мылтык менен ок атууда эч бир даярдыксыз «жогорку» баага татыган көрсөткүчүнө биз да күбө болдук. Мыктыны мыкты эле деш керек. Азем учурунда ИИМдин саналуу кызматкерлерине министрликтин медалдарын тапшырды.

– Дүйнөнүн сегиз, СССРдин 13 жолку жана Москва олимпиадасынын аз калибрлүү тапанча менен ок атуу боюнча чемпиону, ошондой эле өз учурунда кыргыз «Динамосунда» тарбияланып өскөн Александр Мелентьевдин жаркын элесине арналган төртүнчү жолу өтө турган мелдешинин ачылуу аземинде отурабыз. Учурдан пайдаланып, Александр Мелентьев тууралуу оюмду ортого салгым келет.

1968-жылы Кыргыз Республикасынын «Динамо» спорттук уюумунун курама командасына, 1973-жылы СССРдин курамына мүчө болгон. Кыргыз спорттук «Динамо» уюмунун атын чыгарууда өзүнүн зор салымын кошкон. Эркин тапанча боюнча ок атууда 60 ок менен 581 упай топтоп, ал рекордду бүгүнкү күнгө чейин эч ким жетип өзгөртө элек. Ошондуктан биздин сыймыктуу агабызды дайым эскерип, анын жаркын элеси, күчтүү духу катарда турган ИИМ кызматкерлеринин демине дем, күчүнө күч кошоруна ишендирип кете алам. Милиция кызматкери спорттун ар кыл түрү менен машыгып, колундагы куралдан ок чыгарууну да билүүсү милдет, – деди генерал.

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: