Кечээ, 27-мартта Бишкектеги Россия элчилигинин алдына “Путин агрессор!” “Баскынчы!” “Киши өлтүргүч” деген плакаттар менен пикетке чыккан активист Нурлан Карымшаковдун үйү тинтүүгө алынды. Бул тууралу анын 19 жаштагы уулу социалдык тармактар аркылуу видеобилдирүү жасады.
Активист 27-мартта, түшкө чейин орус элчилигинин алдына президент Путинге каршы маанайдагы плакаттарды көтөрүп чыкканда Биринчи Май райондук милициясынын кызматкерлери аны жубайы менен кошо кармап кетишкен. Милиция активистти «плакаттарда улут аралык кастыкты козуткан сөздөр бар» деген жүйө менен кармаган.
Активисттин колундагы плаккаттарда «Путин – агрессор, оккупант, киши өлтүргүч» деген жазуу болгон. Экинчисинде «Бизге аскер базанын кереги жок, бомбанын кереги жок, жардыруунун кереги жок» деп жазылган.
Милиция буларды кармаары менен өздөрүнүн эксперттеринен «бул жазууларда улут аралык кастыктык козутууга чакырган маани бар» деген бүтүм чыгартып алып, Карымшаковду Жазык кодексинин 313-беренеси («Улут аралык кастыкты козутуу») менен айыптаган.
Биринчи Май райондук соту Карымшаковдордун үйүн тинтүүгө да уруксат берип, милиция алардын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Нурлан Карымшаков жубайы экөө тең учурда ички иштер башкармалыгында кармалып турушат. Алардын жактоочусу Замир Жоошов аларга дээрлик 19 саат бою тамак берилбегенин айтууда.
https://www.youtube.com/watch?v=xoLXhke4b2g&t=4s
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ