Menu

Фото – Милиция: Нурлан Карымшаковдун үйү тинтилгенде кош ооз мылтык жана $17600 табылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 27-мартта, болжол менен саат 09:00дө Бишкек шаарынын Манас проспектисиндеги Россия элчилигинин алдына кыргыз жараны Нурлан Карымшаков өзүнүн жубайы Имаева Гүлназа Кожобековна менен уруксат берилбеген пикетке чыгышкан. Алардын колдорундагы плакаттарда “Путин!!! Агрессор киши өлтүргүч, баскынчы”, “Ысык-Көлдө Путиндин торпедаларына орун жок, Бомбага орун жок” деген жазуулар болгон. Аталган факт боюнча милициянын Биринчи май райондук бөлүмү КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдү баштады. Бул тууралу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

“Плакаттагы жазуулар боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалып, ал экспертизанын жыйынтыгы боюнча ал жазууларда улуттук, расалык, диний каршылашууга чакырыктардын белгилери бар деген корутунду алынган”, – деп айтылат милициянын маалыматында.

“Соттун уруксаты менен Нурлан Карымшаковдун үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, ал жерден уруксат кагазы жок бир 16 калибрдеги кош ооз мылтык, 10 патрон, 1 банка дүрмөт, 300 грамм чачма ок жана 17 600 АКШ доллары табылган. Андан сырткары Нурлан Карымшаков менен анын жубайы Гүлназ Имаева 21-марттан 25-мартка чейин Мексикага барып келишкени, алардын Мексикага ачылган визасы 2019-жылдын 30-июлуна чейин жарактуу экендиги такталган. Азыр Нурлан Карымшаков менен анын жубайы Гүлназ Имаева КР КПКнын 98-беренесине ылайык Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармалуучу жайына киргизилди”, – деп маалымдайт милиция.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: