Menu

Күнөскананы кантип иштетүү керек?

Бөлүшүү:

Күн өткөн сайын кыш, эрте жаз жана кеч күз мезгилдеринде күнөскана куруп, жашылча-жемиштерди өстүргөн дыйкандарыбыздын саны өскөндүгү, ошондой эле аны үйрөнүп, үй-бүлөлүк бюджетти көбөйтүүгө кызыккандар да арбыганы жакшы. Борбор калаабыздын тургундары миллион адамга жакындап, биздин күнөсканачылардын өндүргөн азыктары аз гана тургундарды камсыздайт. Калганынын баары алыскы-жакынкы чет өлкөлөрдөн агылып келип, кызылдай акчаларыбыз алардын чөнтөгүнө агылып кетет. Андыктан кызыккандар үчүн «күнөскана иштетүүдө ишти кантип баштоо керек?» деген суроо менен «Жашыл чарба» агрохолдингинин жетекчиси Тилек Токтогазиевге кайрылдык.

– Күнөскана иштеткиси келип, бирок «ишти эмнеден баштоо керек?» деп кооптонгондор, корккондор көп. Бул тармактагы тажрыйбалуу ишкер катары кандай кеңеш берер элең?

– Күнөскана иштетүү келечектүү жана жаш жемишин бере турган ишкерлик жолу. Андыктан иш баштоого кызыккандарга ийгилик гана тилемекмин. Күнөскана бизнесин дароо чоң көлөмдөгү күнөскана менен баштабаш керек. Алгач кичинекей көлөм менен иш баштап, тажрыйба топтош керек. Керек болсо күнөскана иштетип жаткан адамдарга барып акысыз жумушчу катары кирип, көп нерселерди үйрөнүп, анан чакан гана бир сотых, эки сотых жер менен иш баштап көрүш керек. Эң негизгиси, шашпаш керек. Насыя албаш керек. Кичинеден, акырындык менен өз жолун таап кетсе болот. Ал тармак менен ийгилик жаратса болот. Баары эле өстүрүп жаткан нерседен качып, кардарларга эмне керек, жанындагы кошуналары, дүкөндөр менен сүйлөшүп кимге эмне керек изилдеп, «жети өлчөп, бир кесип» иш башташ керек. Башкалардын күнөсканасына барып тажрыйба топтоо үчүн иштеп берем десе, эч ким каршы болбойт.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: