Menu

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Дүйнө жүзүндө орус элин бизчелик жакшы көргөн эл жок”

Бөлүшүү:

Эдил Байсалов менен Россия Федерациясынын Президенти Путиндин келиши тууралуу сүйлөшүп, айрым суроолорго жооп алдык.

– Эдил мырза, Россиянын президенти Путин жоон топ делегаттары менен келди. Анын келиши Кыргызстандын өзгөрүшүнө шарт түзөбү?

– Путиндин келиши биринчи кезекте президент Жээнбековдун бийлигин колдогонунун көрсөткүчү. Бизде дайыма сөз боло берет го: Кремль тигини колдойт, муну колдойт деп. Анан мурунку президент Атамбаев “Мен Путин менен жакшымын, мени колдойт, муну тааныбайт” – дечү. Анын жоон топ делегаттар менен келиши ушундай сөздөргө толугу менен чекит коёт. Путин 100% Жээнбековдун эле эмес, аны шайлап алган кыргыз элинин тарабында экенин көрсөтүп жатат.

– Алар Кыргызстанга жан тартмыш болуп, өздөрүнүн кызыкчылыктарын колдогон келишимдерге кол койдуруп албайбы?

– Ооба, андай коркунуч дайыма бар. Болуп келген. Тилекке каршы, биз көп жерден алдыртып жибергенибиз чын. Баягы эле романтикалык чактабыз. Кичинекей баладай эле бирөөгө эркелеп, өз алдынча баса албай жатабыз. Мисалы, мына Кытай менен темир жолду башкаларды аралаштырбай өзүбүз эле курганда болмок. Ага да аралашууну көздөгөндөр бар. Жыйынтыгы кандай болот көрө жатарбыз.

– Путиндин келиши менен эсепсиз макулдашуу менен бир топ келишимдерге кол коюлду. Канттагы авиабазаны кеңейтүү аракети кооптуу жагдайдан кабар бербейби?

– Бул суроону орустар мурун деле Канттагы авиабазага учактардан сырткары кандайдыр бир аскерлердин бөлүгүн жайгаштыруу боюнча маселени коюп келишкен. Бирок Атамбаев ага макул болбой, Баткенге ошол аскердик бөлүктүн жайгаштырылышын айтып келген. Эми ойлонуп көрсөңүз. Бул өтө кымбат түшөт орус тарапка. Дагы бир базаны ачуу. Бул жөн эле мурунку бийликтин кежирленгени болгон. Россия Кант авиабазасын кеңейтиши менен өзү бизге милдеттенмесинен тышкары, геосаясий дагы сигнал жиберүүнү көздөөдө: “биз барбыз, биз кеңейип, күчтөнүп жатабыз” дегендей. Бул алардын ички жана сырткы саясий максаттары үчүн өтө маанилүү. Бирок биздин тилегибиз албетте бул база эч качан бир керекке жарабаса экен. Анткени кээ бирөөлөр туура эмес түшүнөт, ушул база аркылуу биз өзүбүздүн кошуналарыбыз менен проблемаларыбызды чечебиз деп. Жок, албетте, бул жаңылыштык. Бизде душман жок. Чек аралар боюнча дагы кандайдыр бир түшүнбөстүктөр сүйлөшүү жолу менен гана чечилет, аякка биз үчүнчү тарапты кийлигиштирбейбиз, кийлигишкен күнү дагы андай маселеге аралашууга орустар макул болбойт. Анткени чек ара өзүбүздүн суверендүү маселебиз.

– Путин менен кошо келген ишкерлердин жардамы менен кыргыз мамлекетинин экономикасында өсүш болушу мүмкүнбү?

– Чынын айтсам, экономикабыздын кандай жол менен өсөөрүн, кандай кадамга барыш керектигин Өкмөт өзү билбейт. Андай суроолорду биз үчүн башка бирөө чече албайт. Тилекке каршы, өкмөтүбүздүн деңгээли өтө төмөн. От ала алган жок. Динамикалык өкмөт келмейинче өнүгүүбүз күмөн.

– Батышта биз кош колдоп колдоп жаткан Путинди агрессор деп жаман көрүшөт. Батыштагы мамлекеттер сыртын салган адамга биз неге жармашып жатабыз?

– Эми ал кимге агрессор, кимге дос. Азыркы күнү мына кыргыз элинин Россияга сүйүүсү чексиз. Бул факт. Эч бир башка мамлекетте дүйнө жүзүндө орус элин бизчелик жакшы көргөн эл жок. Ошону булар деле жакшы билишет. Батыш деле түшүнөт, Кытай деле көрүп турат. Кеп бирок бул сокур сүйүү гана болбостон, кыкең көп эркелей бербей кичине өзүбүзгө келип, бутубузга турганыбыз оң. Баягыдай бизди бакчу коммунисттер Жок. Эгемендигибиз колубузда. Аны соодага койбой, эркиндигибизди туу тутуп, өзүбүз-өзүбүздү алдыга тартышыбыз керек.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: