Menu

Каптагаев Атамбаевдин маселесин кантип чечсе болоорун айтты

Бөлүшүү:

Ал 2019 – жылдын 26-мартында өткөн Элдик жыйында жасалган баяндамасында мына буларга токтолгон:

“Атамбаев маселесинин” коомдун тазалануусу үчүн, коомдо калыстык жана акыйкаттык орношу үчүн мааниси абдан зор. “Атамбаев маселеси” деген эмне???

“Атамбаев маселеси” деген – бул Президент Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы тирешүү, же болбосо Атамбаевдин жеке-кландык бийлигинен жапа чеккен, саясий куугунтуктун курмандыгы болгон адамдардын жеке өч алууга болгон аракеттери деген натура ой, бүгүн кай бирлери мына ушундай деп бурмалоого да аракет кылып жатышат.

Бул туура эмес.

“Атамбаев маселеси” деген – бул мамлекеттүүлүктүн пайдубалын бекемдөө, бийликти конституциялык нукка кайра алып келүү, мыйзамдуулукту орнотуу, бийлик бутактарынын өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпай иштешин камсыз кылуу, элдин мамлекеттик бийликке болгон ишенимин калыптандыруу, эл менен бийликтин ажырымын жоюу.

“Атамбаев маселеси” деген – бул 2010-жылы кабыл алынып бирок күнү бүгүн толук ишке киргизилбей турган Конституцияны иштетүү, анда каралган бийлик бутактарынын өз ара тең салмактуулугун ордуна коюу.

“Атамбаев маселеси” деген – бул бийлик кумарына мас болгондорду соолуктуруучу, алардын элирип же эсирип кеткенинин эл-журтка болгон кесепетин азайтуучу, тизгинин тартып кайра ийге салып, калыптан чыгарбай кармап туруучу механизмдерди издөө жана аларды түзүү, мамлекеттик башкарууда “жиндичиликке” жол бербөө.

“Атамбаев маселеси” деген – бул “эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы эл” деген Коцституциялык жобону ишке ашыруу, бийлик бутактарына элдик көзөмөлдү калыптандыруу.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: