28-мартта Ташкенттин район аралык соту инвестор Мухаммадбобур Хожаев тарабынан тургузулган эки көп кабаттуу турак-жайды түрттүрүү ишин карады. Бул үйлөрдө 600 киши жашайт. Жергиликтүү бийлик турак-жайларды түрттүрүүнү талап кылууда.
Ушул райондо курулган үч кабаттуу үйлөрдүн бири 2018-жылы 4-ноябрда премьер-министр Абдулла Арипов менен шаар акиминин оозеки буйругунун негизинде түрттүрүлгөн.
Хожаевдин билдиришинче, бийликтин мыйзамсыз аракеттери тууралуу коомчулукка ачык айтып, Мамлекеттик коопсуздук кызматына арызданып баштагандан кийин Ташкенттин акими инвестор курган дагы беш объектини түрттүрүүгө оозеки көрсөтмө берген.
Хожаев Ташкентте арзан турак-жайларды куруп жатканы үчүн Ташкенттин акими Жахонгир Ортикходжаев аны бул тармактан четтетип жатат деп эсептейт.
Акимдин басма сөз катчысы бул иш сотто каралып жатканын айтып, комментарий берүүдөн баш тартты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ