Menu

Кызыл менен ак сызык

Бөлүшүү:

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлдөрү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева өткөн жекшембиде Өзбекстандын биринчи ледиси Зироатхон Мирзиёеванын чакыруусу менен Ташкентке учуп кеткенин кабарлап, бул сапарды «буга чейин алар жылуу мамиледе болуп келгендиктен Зироатхон Мирзиёева жеке чакыруу жөнөткөн» деп билдиришкен эле. Биздин баамыбызда Раиса Атамбаеванын аталган сый сапары далайларды түркүн ойлорго жетелеп, айрыкча бийлик жактагы билермандарыбыздын бир тобун сары санаага салып койду окшойт. Бирок, чынында эле 2007- жылдан бери А. Атамбаев КР Өкмөт башчысы болуп турганда Өзбекстандын президенти Ш. Мирзиёев ал учурда Өзбекстандын премьер-министри болуп эки үй-бүлө ошондон бери жакшы мамиледе экени белгилүү.

Өзбекстандын мурдагы президенти маркум Ислам Каримов 2002-жылдан тарта Кыргызстага бир да визит жасаган эмес. 2017-жылы сентябрь айында Ш. Мирзиёев Өзбекстандын президенти катары Бишкекке келди. Ошондон кийин кыйла жыл бою жабылып турган Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы “Достук” көзөмөл пункту (КПП) ачылды. Андан соң декабрь айында А.Атамбаев Өзбекстанга расмий визит жасаган. Ошондон тарта эки мамлекеттин ортосунда достук алака жакшырган. … Анан да Кыргызстандын бийлиги КРнын экс-президенти А. Атамбаевге карата жосунсуз жорук башташып “экс-президент мамлекеттик кызматта иштебейт, саясий партия менен алактенбейт” деп дүйнөдөгү жок мыйзамды кабыл алганы далбастап жатканда, коңшу Казаксганда бийлик башчысы алмашып, Казакстандын экс-президенти Н. Назарбаев мамлекеттик кызмат болгон Коопсуздук Кеңешинин катчысы, Конституциялык Кеңештин мүчөсү, дагы өзү түзгөн “Нур Отан” саясий партиясын жетектей турган болду. Ушул көрүнүштүн өзү эле түшүнгөн адамга Кыргызстандын бийлигине эл аралык көз карашта терс пикирди жаратты. Эми минтип дагы бир коңшу мамлекет болгон Өзбекстандын биричи айымы Зириатхон Миризёева Кыргызстандын экс-президенти А. Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева айымды конокко чакырып жатат. Бийлик эгер түшүнсө бул ириет дагы бир моралдык сокку жеди…

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: