Menu

Апрель Баатыры Максат Чегирткеевдин арызы боюнча Фарид Ниязовдун үстүнөн кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

20-март күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына жаран М. Чегирткеев кайрылып, 2010-жылдын 6-7–апрелинде каза тапкандардын жана жабыркагандардын үй-бүлөсүн социалдык жактан коргоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Фарид Ниязовду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча арыз жазган. Бул тууралу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анда Фарид Ниязов жана башка комиссия мүчөлөрү 2017-жылы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, врачтардын Сочиге Апрель окуяларында жабыркаган адамдардын дарыланышы керектиги тууралуу көрсөтмөсүнө карабастан, алардын дарылануусунан баш тартышып, Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине которулган дарылоо үчүн делген 200 миң сомду кайтарып алышканын, ушуга байланыштуу анын ден соолугу начарлап, моралдык азап чеккендиги үчүн аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча арыз менен кайрылган.
Жогорудагы арыз 2019-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматтарды каттоо журналына катталган жана материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилген. Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы М.Чегирткеевдин арызын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ал эми, Башкы прокуратура КЖБРге кирген материалды ИИМдин Тергөө кызматына сотко чейинки иликтөө жүргүзүү жана юридикалык баа берүү үчүн өткөрүп берген. Жогорудагы кылмыш иши боюнча ички иштер министрлигинде ыкчам-тергөө тобу түзүлдү. Азыркы учурда кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Максат Чегирткеевдин фотосу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: