““Мырза Фарид Ниязов билдирүү жасап “…Мага каршы арыз жазган Апрель Баатыры Максат Чегирткеев Эмилбек Каптагаевдин өкүл баласы болот…” деп жазыптыр. Анан өзүнө каршы укук коргоо органдарына жазылган арызды мага байланыштырыптыр”, – деп жооп берди бүгүн, 29-мартта 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эмил Каптагаев аны айыптаган Фарид Ниязовдун билдирүсүнө карата.
“Фарид Ниязов да өзүнүн шефинин артынан айнып калса керек…
Жоопкерчилик менен жазып билдирем – Максат Чегирткеев мага өкүл бала эмес жана акыркы бир нече жылдан бери аны менен жолуга элекмин, ошондуктан аны эч кандай иштерген тукурган эмесмин.
Мындай ушактарды Фарид Ниязов кайдан алат мага белгисиз. Мүмкүн ар бир түн сайын Атамбаев экөөсүнүн түшүнө Каптагаев кирип жатса керек, алардын көзүнө бардык жерде, бардык нерселерде мен көрүнүп калган окшойт.
Чынын айтканда, Фарид Ниязовдун Апрель окуяларынан жапа чеккен Чегирткеевдин дарылануусуна бөлүнгөн акчаны кайра артка алып коюшу – бул адамгерчилик эмес, мырза Фарид Ниязов өзү деле жазып жатпайбы “биз Чегирткеевди аркы дүйнөдөн чоң эмгектер менен араң сууруп чыктык … Канчалаган адамдар анын өмүрүн сактап калыш үчүн күрөштү… Биздин гана доктурлар эмес, Германинын, Россиянын жана Түркиянын адистери да анда Чегирткеевди тирүү калбайт дешкен… ” деп”, – деди Каптагаев.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ