Menu

Атамбаев үчүн резиденциядагы үй Раиса Атамбаеванын, Ахмет Кая жана Шакинин демөөрчүлүгү менен курулганы аныкпы?

Бөлүшүү:

Жалган сүйлөө канга сиңип калган жаман адат тура. Калпты каратып туруп чындай токуп айтуу бир жагынан талант. Бул өнөрдүн “мыктысын” өздөштүргөндөр чанда эле кездешет. Бизде мындай өнөрдүн ээси экс-президент Алмазбек Атамбаев. Көп кырдуу талант эмеспи, ыр жазат, гитара менен обон созот. Муну менен анын таланты чектелбейт экен. Калп айтуу жагынан да таланты күчтүү экени ачылып жатат. Мүмкүн мурун эле ачылгандыр. Айткан сөздөрү далилденбей, калп болуп чыгып жатканына күбө болуп жүрөбүз го…

2017-жылдын аягында № 1-Мамлекеттик резиденцияда Атамбаев үчүн 89 357 385 сомго курулган үй коомчулукта катуу талкууга алынган. Мамлекеттик органдар ал үй тууралуу так маалыматты бергенден негедир чоочулашып келишкен. Азыр деле так маалымат берилбей келет. Кызык жагдай, Мамрезиденциядагы үйдүн курулушуна кыргыз жарандарын ишке алышпай, кытай, корей сыяктуу жалаң башка улуттун өкүлдөрүн курулуш ишине тартып, “Бул жерге Россиянын президенти В. В. Путинге эс алуучу жай курулуп жатат” деген сөздү айтышып, аларды күн сайын дыкат текшерүүдөн өткөзүп, сүрөткө тартып албасын деген чоочулоо менен телефондорун киргенде алып коюшуп, кайра чыкканда берип турган деген маалымат тараган. Кыязы, кыргыз жарандары сөз кылып жиберет деп коркушса керек…

Үй салынганы белгилүү болгондон кийин Алмазбек Атамбаев 2018-жылдын 31-мартында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Мамдирекциядагы үй тууралуу мындай деген:

– Мен Кой-Таштагы үйдү бүтүрсөм, Кой-Ташка эле жашайын деп атам. Бирок, менин өмүрлүк жарым деген бар, карым-катнашы бар дегендей… Ошондой шарт койду. Жоро-жолдош менен биригип туруп, өзүм каражатын таап, бюджеттен бир тыйын кеткен жок…

Атамбаевге кайсыл жоро-жолдошу үй салганга акчалай жардам берди? Ким канча сумма кошумча кошту? Акчаны Атамбаев кандай шарт менен алды? Досторунун бул сыйы үчүн кандай жооп кылган? Ушул өңдүү суроолор бүгүн да ачык бойдон турат…

Көрсө, Атамбаевдин бюджеттен бир тыйын кеткен жок дегени карандай калп экен. Жоро-жолдоштору деп атын атабаганында дагы чоң сыр бар тура. Бул акча Президенттин социалдык коргоо фондунан каржыланыптыр. Болгондо дагы социалдык коргоо фондунан. Бул Атамбаевдин менчик фондусу эмес да. Кыргыз Республикасынын Президентинин фонду. Социалдык коргоого деп келген акчага эмне үчүн Атамбаев Мамрезиденцияга үй салып алышы керек? Атамбаев жылуу-жумшак жашашы үчүн ошончо акча коротпой, 89 млн сомдон ашык акчаны социалдык колдоого муктаж болгон үй-бүлөлөргө времянка салып берсе жарашмак да. Эл үчүн кызмат кылдым деген Атамбаевдин элге күйгөнү ушулбу?

Өзүмдүн каражатыма кургам деп мактанган Алмазбек Атамбаев үйдүн курулушуна болгону 449 500 АКШ долларын кошкон. Калган акчаны кайсыл жоро-жолдошу берген десеңер, экс-президентти Мамрезиденцияда жашоого көндүргөн жубайы Раиса Атамбаева эң чоң демөөрчүлөрдүн бири болуптур. Раиса Минахмедовна Атамбаева үйдүн курулушуна демөөрчү катарында 250000 АКШ долларын салган. Алмазбек Шаршеновичтин кыйбас түрк досу Ахмет Кая 420000 АКШ доллар жардам берген. Бул экөө Түркияда чогуу бизнес кылганы айтылат. Ахмет Кая мынча каражатты жөн эле Атамбаевге белек кылып бербесе керек. Бул дагы шек жаратат. “Кыргызгазды” бир долларга сатып алган орустардын “Газпром” компаниясынын биздеги “Газпром нефть Азия” филиалы 7000000 сом кошумчасын берген. Бул акча “Кыргызгазды” бир долларга сатып алганга мүмкүнчүлүк түзгөнү үчүн Атамбаевге берилген ыраазычылык эмеспи? Кайсыл бийлик болбосун, коргошундай болуп койнуна куюлуп кирген арак магнат Шаршенбек Абдикеримовго таандык “АЮ холдинг” 7000 000 сом кошумча кылган. Шаки Атамбаевдин чийген сызыгынан чыга албаган фигура болгонун, анын “Кыргызстан” фракциясын Атамбаев парламентке алып келгенин эске алганда, бул кошумча дагы Атамбаевге жөн соога болгон эмес. Ахмет Каяны досу десек, калган демөөрчүлөрүн кантип Атамбаевдин четтеги достору деп айтканга болот? Алар эки тараптык кызыкчылык үчүн гана кызматташкандар десек туура болот. Мына, Атамбаевдин ишенген достору, туугандар. Атамбаев кимден канча акча алганын айтпай, жоро-жолдошторум деп жашырып келгенинин сыры.

2018-жылдын 24-майында комиссиянын актысынын негизинде бул үй эксплуатацияга кабыл алынган. Атайын комиссия 2018-жылдын 24-майында эксплуатацияга кабыл алып жатса, Атамбаев ага чейин комиссия кабыл алынбаган үйдө жашап келгенби?

К.Тагаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: