Menu

Чолпон-Атада өгөй кызын зордуктаган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Чолпон-Ата шаарында өгөй кызын зордуктаган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун прокурору Улукбек Узакбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн сот жашы жете элек кызды зордуктаган жаранды күнөөлүү деп тапты.

«Айыпталуучу кыздын тагдырына балта чаап, ага моралдык жана психологиялык зыян келтирди. Айыпталуучунун күнөөсү соттук-медициналык жана соттук-психиатриялык экспертизалардын натыйжасында далилденди.  Прокурор соттон күнөлүүнүн өмүр бою эркинен ажыратууну суранган. Сот биздин өтүнүчүбүздү канааттандырды»,-деп билдирди Улукбек Узакбаев.

Эске салсак, 2018-жылдын октябрь айында Чолпон-Ата шаарында милиция кызматкерлери өгөй кызын зордуктаган жаранды кармаган. 13 жаштагы кыз ооруканага түшкөн.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: