Menu

Кореядагы кыргыз элчиси Динара Кемелова Sungkyunkwan University университетинин деканы Тай Менг Чунг мырза менен жолугушту

Бөлүшүү:

27-март күнү Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Динара Кемелова Сонгюнгван (Sungkyunkwan University) университетинин Деканы Тай Менг Чунг мырза менен жолугушту. Бул тууралу КР ТИМинин басма с кызматы билдирет.

Элчи Д. Кемелова өлкөбүздү санариптештирүү, ошондой эле  адам ресурстарын өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик курсту белгилеп, Кыргызстан үчүн билим берүү программаларын көбөйтүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Жолугушуунун жүрүшүндө  тараптар “Маалымат технологиялар” багытында окууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарына Сонгюнгван университетинде магистердик стипендиялык программаларды берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Маектешүүчүлөр жогорку окуу жайлар аралык кызматташуу боюнча  макулдашууларды түзүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө корея тарабы Кыргыз Республикасынын мектептеринде иштеп жаткан мугалимдерин, ошондой эле Жогорку окуу жайлардын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө окуп жаткан  студенттерин окутуу жана билим менен алмашуу максатында Сонгюнгван университетинин профессордук жана студенттик курамындагы тобун  Кыргызстанга жиберүү планы жөнүндө маалымдады

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: