Menu

Замир Өсөров, журналист: “Ысык-Көлдөгү торпедаларды сыноодо 2 миң градус ысыктагы 1 тоннадай уулуу заттарды суу алдында калтырат”

Бөлүшүү:

Ыссык-Көлдүн торпедаларын сүйгөн манкурттарга түшүндүрмө

Акыркы күндөрү коомчулук социалдык тармактарда Ысык-Көлдөгү Россиянын торпедаларды суу алдында сыноочу аскердик базасынын пайдасы менен зыяны тууралу талашып-тартышууда. Бул талашка белгилүү журналист Замир Өсөров да үн кошуп, төмөнкүдөй пост жазган:

“Торпеданын кыймылдаткыч бөлүгү үчүн күйүүчү материал катары кадимки керосин  же башка ракеталардагыдай кургак дарылар, ошол эле жардыруучу заттар пайдаланылат.

Эки тонна салмагы бар торпеданы суу алдында саатына 300 километрге чейин ылдамдыкта күүлөндүрүп жана стандарттуу 12 чакырымды сүзүп өтүү үчүн мындай торпеда кадимки баллистикалык межконтиненталдуу ракетаны космикалык орбитага чыгаруу учурундагыдай эле температуурасы 2 миң градус болгон 1 тоннадай улуу заттардын күйгөн калдыктарын түз эле Ысык-Көлдүн мүрөктөй таза суусуна калтырат. Реактивдүү принципте иштеген ракета – торпедалар башкача жол менен иштебейт.
Кантип ушундай нерсе Ысык-Көлгө зыян алып келбесин? Биздин манкурттарыбыз “мындай торпедалар бизге эч кандай зыян алып келбейт” деп далилдеп, талашып-тартышып накта келесоолордун келесоолору болуп жатат. Ысык Көл силерден айлансын биротоло.”

Замирбек Өсөров, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: